Мурдагы депутат жана журналист Кабай Карабековду УКМКга көрсөтмө берүүгө чакырышты

Кабай Карабеков. Cүрөт: «Азаттык»

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы депутат жана журналист Кабай Карабековду көрсөтмө берүүгө чакырды. Карабековдун пикиринде, бул анын «КоммерсантЪ» басылмасына «Кыргызстандын атайын кызматы шайлоого киришишти» деген аталыштагы макаласына байланыштуу деп эсептейт.

Карабеков «Кактус» басылмасына курган маегинде, анын УКМКга көрсөтмө берүүгө чакырылышына «КоммерсантЪ» гезитине «Кыргызстандын атайын кызматы шайлоого киришишти» деген аталышта чыккан макаласы себеп болгонун айткан.  

«Мен ким катары көрсөтмө берүүгө чакырылганымды билбейм. Кененирээк кийинчерээк билдирем», — деди ал.

УКМКдан Карабековду «КоммерсантЪ» гезитине чыккан макаласы үчүн чакырылганын тастыкташты, бирок кененирээк маалымат билдиришкен жок.

Макалада УКМКнын кызматкерлери тарабынан «бийликти күч менен басып алууга» шектелип кармалган «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канатбек Исаев жөнүндө айтылган.   

Аталган мекемеде, эгерде Өмүрбек Бабанов утулуп кала турган болсо Исаев менен анын «шериктери» президенттик шайлоонун «жыйынтыктары бурмаланышы» үчүн каршылыкка чыга турган адамдарды өз катарларына тартышмак деп эсептешүүдө.

Ошондой эле, Карабеков өзүнүн макаласында УКМК бийликчил президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбековдун рейтингин талкуулаган кеңешме өткөргөнүн көрсөткөн.

«Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Сооронбай Жээнбеков белгилүүлүгү жагынан Өмүрбек Бабановдон эки эсе көп артта калууда», — деп айтылган макалада.

Буга чейин Жээнбеков өзүнүн ар-намысы менен кадыр-баркын коргоо үчүн 24.kg басылмасы менен Карабековду сотко берген.

Карабеков өзүнүн макаласында «Жээнбековдун бир туугандарынын Арабиянын радикалдуу уюмдары менен байланышы» бар деп жазган. Президенттикке талапкер ар бир жоопкерлерден материалды төгүнгө чыгаруу менен моралдык зыян катары 5 млн сомдон талап кылган.

Авторлошу: Анна Капушенко


ТЕМА БОЮНЧА: