Алмамбет Шыкмаматов «Ата Мекен» фракциясынын башчысы болуп калды

Оппозиционер Өмүрбек Текебаев өз каалоосу менен парламенттеги «Ата Мекен» партиясынын башчылык кызматынын ыйгарым укуктарын тапшырды. Эми фракцияны Алмамбет Шыкмаматов жетектейт.

Шыкмаматовду 3-октябрда өткөн «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында башчы кылып тандашты. Буга чейин ал фракциянын милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп турган.

Партиянын секретариатынан Kloop.kgнин журналистине билдиришкендей, «Ата Мекендин» мурдагы башчысы Өмүрбек Текебаев соттун өкүмүнө байланыштуу өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшырган.

Бишкек шаардык соту 2-октябрда Текебаевге чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырган. Оппозиционерди «Коррупция» беренеси боюнча мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарышкан.

Бирок сот 17-августта соттолуучуга карата мунапыс жарыялап, өкүмдү 4,5 жылга чейин эркинен ажыратууга жеңилдеткен.

Текебаевди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден «Мегаком» байланыш операторун башкаруунун ордуна 1 млн доллар пара алуу боюнча күнөөлүү деп таанышкан.

Ал эми саясатчы өкүмгө макул эмес жана өзүнө каршы ишти «саясий мүнөздүү» деп эсептейт.

Алмамбет Шыкмаматов деген ким?

Алмамбет Шыкмаматов — парламенттеги оппозициялык «Ата Мекен»  партиясынан депутат.

Ал партияга 2015-жылы кошулган, буга чейин ал ар кандай убакыттарда Мамлекеттик катто кызматынын төрагалык кызматын, Эсеп палатасынын аудиторлук кызматын аркалаган жана Юстиция министрлигинде иштеген.

Шыкмаматов Текебаев жана Аида Салянова менен кошо президент Алмазбек Атамбаевдин жүргүзгөн саясатын сынга алышып, 2016-жылдагы Башмыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы чыгышкан.

Бардык үчөөнө тең кылмыш иши козголгон. Шыкмаматовго каршы үстүбүздөгү жылдын февралында «Коррупция» жана «Кызматтык жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.  

УКМКнын тергөөчүлөрүнүн версиясы боюнча, Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасы үчүн кызматтык автоунааларды сатып алууга көз салган тендердик комиссиянын курамында болгон. Ал тендердик комиссиянын төрагасы жана «Барат Люкс» жеке фирмасынын директору менен сүйлөшүп алган.

Тергөөчүлөр ошондой эле Шыкмаматов тендердик өтүнмөгө өз аялынын автоунаасын киргизип, аны 14500 долларга саткан деп эсептешет. Бирок, экспертизанын корутундусуна ылайык, автоунаанын чыныгы баасы 10 миң долларга жакын болгон.

Кылмыш ишин кароо 2017-жылдын май айында Биринчи май райондук сотунда болмок, бирок аны белгисиз мөөнөткө жылдырышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: