Камакка алынган депутат Канат Исаевдин бир тууган агасы кызматтан кетүү арызын жазды

«Бийликти күч менен басып алууга» даярдык көрүү боюнча айыпталып камакка алынган депутат Канатбек Исаевдин бир тууган агасы Талантбек Исаев кызматтан кетүү арызын жазды. Ал Ички иштер министрлигинине караштуу адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчылык кызматын аркалап турган.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, генерал-майор Талантбек Исаев ИИМге караштуу адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчылык кызматынан кетүү арызын жазган.

Анын ордуна Улан Асанов дайындалды. Тийиштүү буйрукка 3-октябрда премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Ал эми Талантбек Исаев өзү кызматтан кетүү боюнча чечимине комментарий бере элек. Генерал-майордун кызматтан кетүүсү анын бир тууган агасынын камакка алынышына байланыштуубу же жокпу азырынча белгисиз.

Башында депутат Канатбек Исаевдин камакка алынышына чейин кызматтан кетүү боюнча арыз премьер-министр Сапар Исаковдун атына берилген.

Бирок арызды артка кайтарышкан, анткени аны биринчи кезекте ИИМдин түзүмү карап чыгышы керек болчу, андан кийин гана премьер-министрге берилмек.

Исаев ИИМге караштуу адистештирилген күзөт башкармалыгын башчылык кызматын үч жыл аркалаган. 2012-2014-жылдарга чейин ал Кыргызстандын жол-кайгуул кызматынын башчысы болгон.

Канатбека Исаев кайсы иш боюнча айыпталууда?

Талантбек Исаевдин бир тууган агасы — Канатбек Исаев «бийликти күч колдонуп басып алуу» аракети үчүн айыпталууда. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети депутат Исаевди 30-сентябрда кармаган.

Биринчи май райондук соту парламенттин депутаты Канатбек Исаевди эки айга камоо токтомун чыгарган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Исаев «массалык башаламандык уюштуруу үчүн кылмыштуу топтор менен сүйлөшүп алган».

Алардын оюнча, Исаев менен анын шериктери президенттик шайлоонун «жыйынтыктары бурмаланышы» үчүн каршылыкка чыга турган адамдарды өз катарларына тартышмак. Ал эми андан кийин каршылык билдирүүлөр массалык башаламандыкка айланып кетиши мүмкүн болчу.

УКМКнын божомолдошунча, эгерде 15-октябрдагы президеттик шайлоодо Бабанов утулуп калса бул нерсе ишке ашмак.

Ал эми Бабанов 1-октябрда өткөргөн маалымат жыйынында, Исаевди анын тарапташы болуп, ага колдоо көрсөтүп жүргөндүгү үчүн кармашканын билдирген.

Эртеси күнү 2-октябрда Улуттук коопсуздук мамкомитети Бабановдун Исаевдин кармалышы боюнча айткандарын тергөө менен коомдун пикирин «саясий нукка» буруп кетүү аракети деп атаган.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого 12 адам ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: