Карыпбеков: Төрөбаевдин тарапташтары тарабынан коркутуулар болуп жатат

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Илим Карыпбеков билдиргендей, президенттик кызматка талапкер Бакыт Төрөбаевдин тарапташтары теледебатка «күч» менен кире тургандыктарын айтып коркутушууда. Телеканал саясатчыны эфирге кошкон эмес, анткени ал мурдараак дебатка катышуудан баш таркан.

Карыпбеков өзүнүн фэйсбук барагында, 3-октябрь эртеден баштап эле телеканалдын кызматкерлерине Төрөбаевдин тарапташтарынан коркуткан телефондук чалуулар болуп жатканын жазган. Төрөбаев катышышы керек болгон теледебат 3-октябрь күнү саат 21:00дө башталат.

«Бүгүн эртеден бери биздин жооптуу кызматкерлерге сиздин [Төрөбаевдин] тарапкерлериңер, өкүлдөрүңөр телефон аркылуу КТРКнын бүгүнкү дебаттарына келишерин, керек болсо күч менен кирүүсүн билдирүүдө!», — деп жазган Карыпбеков.

Телеканалдын башчысы саясатчынын тарапташтарын мыйзамды сактоого жана тынчтыкка чакырды.

«Бул кадамдар Сизди дебатка катышууга эмес, дебатты үзгүлтүккө учуратууга алып келиши мүмкүн!», — деп жазган ал.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын штабы материалды чыгараар алдында комментарий берүүгө жеткиликсиз болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына, алар телеканалга Төрөбаевдин түз эфирге чыгуусуна мүмкүндүк берүүнү сунушташканын билдиришти.

Төрөбаевдин эфирден баш тартуусу

Мурдараак Төрөбаев КТРКнын түзүмүнө кирген «Ала-Тоо 24» маалыматтык телеканалынын эфиринде саясатчынын штабы тарабынан шайлоочуларды сатып алуу жөнүндө сюжет көрсөтүлгөндөн кийин телеканал менен кызматташуудан баш тарткан.

Төрөбаевдин штабынан билдиришкендей, видео чындыкка коошпойт жана ал «чагым үчүн жалган адамдардын катышуусу менен» тартылган. Саясатчынын штабынын өкүлдөрүнүн пикиринде, «чагымчыл сюжеттин» чыгарылышы Төрөбаевдин ар-намысына шек келтирет.

Бирок ал 2-октябрда БШК менен КТРКдан аны кайрадан эфирге кошууну талап кылган.

«Соңку бир нече күндө шайлоого байланыштуу бир нече чуулгандуу окуялар болуп кеткендигине жана КТРК оппозициялык талапкерлерди маскаралоо үчүн жарыячыга айланып калгандыгына байланыштуу, мен түз теледебаттарда чыгып, өзүмдүн шайлоочуларыма болуп жаткан окуялардын чын төгүн жеткирүүнү көздөйм», — деп билдирген Төрөбаев.

Бирок КТРКнын жетекчилиги саясатчыны эфирге кошуудан баш тарткан, алар бул нерсени даярдык көрүүгө убакыт жоктугун айтып түшүндүргөн.

КТРКдагы теледебаттар — президенттик шайлоо алдындагы үгүт кампаниясынын милдетүү бөлүгү. Дебаттар 3-октябрдан баштап 12-октябрга чейин 2 баскычта өтөт. Биринчилерден болуп эфирге «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын башчысы Адахан Мадумаров менен мурдагы башпрокурор Азимбек Бекназаров чыгат.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого 12 адам ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: