Президенттикке талапкерлер Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) түз эфирине чыгышат. Kloop.kg дебаттар кандай жана качан өтөөрүн түшүндүрдү.

Президенттик кызматка талапкерлердин дебаттары 3-октярдан баштап 12-октябрга чейин КТРКнын түз эфиринде өтүп, эки турга бөлүнөт.

Биринчи тур

Күндөрү: 3-5-октябрь

Убактысы: 21:00-23:00

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун айтымында, бул айлампада талапкерлер ээн эркин талкуулашып, бири бири менен сүйлөшө алышат. Ар бир талапкерге 25 мүнөт эфирдик убакыт берилет.

«Мындай форматты талапкерлер пикирлерин толук билдирип алуулары үчүн киргиздик. Бул талапкерлер бири-бирине суроо берип, бири-биринин пикирине каршы ойлорун билдире ала турган, ачык талкуу болот. Формат жетиштүү түрдө эркин, ага телекөрүүчүлөр конүп калышкан», — деди Карыпбеков.

Талапкерлердин эфирге чыгуу тартибин чучукулак аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясы аныктаган.

3-октябрь:

  • Мурдагы башпрокурор Азимбек Бекназаров;
  • «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев (дебатка катышуудан баш тарткан);
  • «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын башчысы Адахан Мадумаров;
  • «Ата-Журт» партиясынын башчысы Камчыбек Ташиев (дебаттарга катышпайт, анткени ал шайлоодон өзүнүн талапкерлигин алып салган).

4-октябрь:

  • Мурдагы премьер-министр  Сооронбай Жээнбеков;
  • Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева;
  • «Кыш болбойт» меминин автору Арстанбек Абдылдаев;
  • Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов.

5-октябрь:

  • Мурдагы премьер-министр Темир Сариев;
  • Бишкектин мурдагы вице-мэри Эрнис Зарлыков;
  • «Дүйнө генералдары — тынчтык үчүн» фондусунун мүчөсү Таалатбек Масадыков;
  • Чет өлкөлөр менен кыргыз достук коомдору биримдигинин президенти Арсланбек Малиев;
  • Убактылуу жумушсуз Улукбек Кочкоров.

Экинчи тур

Күндөрү: 11-12-октябрь

Убактысы: 21:00-23:30

Теледебаттардын экинчи турунда ар бир талапкердин болгону 20 мүнөт эфирдик убактысы болот, ал убакыттын ичинде талапкер өзүнүн шайлоо алдындагы программасы жөнүндө айтып бериши керек.

«Ал жакта талкуулоо эмес программалык аянт болот. Суроолор алардын шайлоо алдындагы программасына байланыштуу болот, каршы пикир билдирүү жоюулат, алар болгону өз көз караштарын билдиришет», — деп түшүндүрдү Карыпбеков.

11 октябрь:

  • Токтайым Үмөталиева;
  • Таалатбек Масадыков;
  • Арстанбек Абдылдаев;
  • Улукбек Кочкоров;
  • Камчыбек Ташиев (дебаттарга катышпайт, анткени ал шайлоодон өзүнүн талапкерлигин алып салган);
  • Өмүрбек Бабанов.

12-октябрь:

  • Азимбек Бекназаров;
  • Адахан Мадумаров;
  • Эрнис Зарлыков;
  • Темир Сариев;
  • Арсланбек Малиев;
  • Бакыт Төрөбаев (дебатка катышуудан баш тарткан);
  • Сооронбай Жээнбеков.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого 12 адам ат салышууда.