Шайлоо-2017: Темир Сариев Жээнбеков менен Бабановду эл алдына дебатка чакырды

Президенттикке талапкер Темир Сариев өзүнүн башкы атаандаштары Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановду эл алдына дебатка чакырды. Азырынча эки талапкер Сариевдин чакыруусуна жооп бере элек.

Сариев Жээнбеков менен Бабановду 8-октябрда өтө турган эл алдындагы дебатка чакырды. Саясатчынын пикиринде, атаандаштар кошумча талкуу жүргүзүшү керек, анткени КТРКдагы дебаттардын форматы чектелүү жана талапкерлердин көз караштарын толугу менен чагылдырууга мүмкүндүк бербейт.

«Биз талапкерлер шайлоочуларга максималдуу түрдө жеткиликтүү жана түшүнүктүү болушубуз керек деп эсептейм жана силерди элдин алдына талкууга чыгууга чакырам», — деп жазган ал өзүнүн фэйсбук барагында.

Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынан Kloop.kgнин кабарчысына билдирнишкендей, аларга Сариевден расмий чакыруу түшө элек. Бирок штабдан Жээнбеков 4-октябрда КТРКнын телеканалында Бабанов, Үмөталиева жана Абдылдаев менен дебат өткөрөөрүн эске салышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынан Kloop.kgнин кабарчысына маалымдашкандай, мыйзам талапкерлерге атаандаштары менен кошумча талкуу жүргүзүүгө тыюу салбайт.

«Мындайга түз тыюу салуу жок. Талапкерлер өз каалоолору менен кошумча дебат өткөрө алышат, бирок алар бул нерсени БШК менен макулдашышы керек», — деп билдиришти Боршайкомдон.

Президенттикке талапкерлердин расмий теледебаттары 3-октябрдан тарта 12-октябрга чейин КТРКнын телеканалында өтөт.

Темир Сариев — мурдагы премьер-министр жана «Ак Шумкар» партиясынан президенттикке талапкер.

Сооронбай Жээнбеков — бийликчил КСДП партиясынан президенттикке талапкер.

Ал үгүт кампанияларынын жүрүшүндө башка президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев менен бириккен. Кийинчерээк Ташиев Жээнбековдун пайдасы үчүн шайлоодон өз талапкерлигин алып салган.

Өмүрбек Бабанов — өзүн-өзү чыгаруу жолу менен шайлоого аттанган мурдагы премьер-министр. Ал «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев менен бир тандемге бириккен. Эгерде Бабанов шайлоодон утуп чыкса президент, ал эми Төрөбаев премьер-министр болот.

Бардык үч атаандаш — президенттик кызмат үчүн башкы талапкерлер.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого 12 адам ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: