УКМК Кыргызстанда көмүскө террористтик уюм түзүүнү пландаган шектүүнү кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте божомолдуу Сирияда окуудан өткөн жаш баланы кармады. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, ал Кыргызстанда көмүскө террористтик уюм түзүүнү каалаган.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 20 жаштагы бала кармалган, ал эл аралык террористтик уюмдун ыктымал мүчөсү болушу мүмкүн.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал бала 2016-жылы «диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүү» үчүн үгүттөлүп, Сирияга жөнөтүлгөн.

«Аскерий даярдыктан өткөндөн кийин жаш бала көмүскө террористтик уюм түзүп отурукташуу максатында Кыргызстанга жөнөтүлгөн», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Тинтүү учурунда кармалган баланын үйүндө ИЖ 58-20м үлгүсүндөгү курал табылган.

Тергөөчүлөр «Курал жарактарды мыйзамсыз оңдоо жана жасоо», «Кыргызстандын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же аскерий иш-аракеттерге катышуусу же террористтик жана экстремисттик даярдыктан өтүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгошту.

Кармалган адам УКМКнын ТИЗОсуна (Тергөө изолятору) жеткирилип, тергөө амалдары башталды.

Атайын кызматтардын маалыматтарына ылайык, Сирияда согушуп жаткан Кыргызстандын жарандарынын саны 500дөн 800гө чейин жетет.


ТЕМА БОЮНЧА: