Ош облусу: Кичи автобус мектеп окуучулары менен кошо жол кырсыгына кабылды

Ош облусунда жеке мектептин окуучуларын ташыган «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус менен «Хонда» сүзүштү. Натыйжада жети өспүрүм жабыркап, үчөө ооруканга жаткырылды.

Ош облусунун ИИБнин басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, жол кырсыгы Ош-Бишкек жолунда болгон.

«"Хонданын" айдоочусу Оштон Бишкекке кетип бара жатып телефон чалууга алаксып кеткен. Ошол себептүү ал жолдун каршылаш тилкесине чыгып кетип, салонунда мектеп окуучулары бар "Мерседес Бенц" үлгүсүндөгү кичи автобусту сүзгөн», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Натыйжада үч мектеп окуучусу ооруканага жаткырылып, дагы беш окуучуну медициналык текшерүүдөн кийин үйлөрүнө коё беришкен. «Хонданын» айдоочусу жабыркаган эмес.

Врачтар ооруканага жаткырылгандардын абалын туруктуу деп айтышууда. Эки машина тең айып унаа токтотуу жайына жеткирилди. Милиция тергөө амалдарын жүргүзүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: