Сапар Исаков «Манас» аэропортунда кезек күтүү маселесин эки айдын ичинде чечүүнү буйруду

Премьер-министр Сапар Исаков чоң кезек күтүүлөргө жана кызматкерлердин орой мамилесине байланыштуу арыздануулардын айынан капысынан «Манас» аэропортуна барып рейд жүргүздү. Өкмөт башчы жетекчиликке аталган көйгөйлөрдү эки айдын ичинде чечүүнү буйруду.

Исаков учуп келгендер жана учуп кеткендер залын, багаж бөлүмүн текшерип, аэропорттун жүргүнчүлөрү менен баарлашты.

Исаков жеке өзү бажы көзөмөлүнөн өтүүдө чоң кезек күтүүлөр жаралып жатканына күбө болду, ал эми жүргүнчүлөрдүн кызматкерлердин орой мамилесине арыздануулары жүйөөлүү.

«Тургундар менен коноктор негиздүү арыздар менен кайрылууда. ЖМКлар дагы бир нече жолу аэропорттогу шарттын жоктугу тууралуу жазышкан. Чек ара, Бажы кызматы менен аэропорттун жетекчилиги бул маселелерди тезинен чечүү үчүн аракеттерди көрүшү керек», — деди Сапар Исаков.

Премьер-министрдин айтымында, аэропорттун кызматкерлери жүргүнчүлөргө карата сылык болуп жана англис тилин билүүлөрү керек.

«"Манас" Аэропорту — өлкөнүн эң башкы аба майданы. Биздин өлкөгө учуп келип, учуп кетип жаткан ар бир адам өзүн ыңгайлуу сезиши керек. Биринчи жана акыркы таасир дал ошо аэропорттун тийиштүү кызматкерлеринин кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатынан жана шарттарынан жаралат», — деди ал.

Исаков аэропорттун жетекчилиги менен бажы кызматына бардык айтылган көйгөйлөрдү эки айдын ичинде чечүүнү тапшырды.

«Залдарды кеңейтүү жана бажы көзөмөлүндөгү кабиналардын санын көбөйтүү менен кошо бардык маселелер эки айдын ичинде чечилиши керек», — деп жазган Исаков өзүнүн фэйсбук барагында.