24.kg басылмасы менен мурдагы депутат Карабеков Жээнбековго 5 млн сомдон төлөп берүүлөрү керек

Бишкектин Свердлов райондук соту 24.kg басылмасы тарабынан жарыяланган Кабай Карабековдун макаласын Сооронбай Жээнбековдун ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирет деп тааныды. Мурдагы депутат менен басылма Жээнбековго 5 млн сомдон моралдык зыян төлөп бериши керек.

Сот арызды 5-октябрда карап баштаган. 24.kg басылмасынын маалыматына ылайык, сот Галина Шин чечимди эки сааттын ичинде кабыл алган.

Бийликчил президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков өз ар-намысы менен кадыр-баркын коргоо үчүн «24.kg» басылмасы менен мурдагы депутат Кабай Карабековду «Сочиге сапар. Кремлге мураскер эмнеси менен жакшы экенин кайрадан түшүндүрүшөбү?» деген макаланын айынан сотко берген.

Карабеков өзүнүн макаласында «...Жээнбековдун бир туугандарынын радикал араб уюмдары менен болгон ыктымал тыгыз байланышы» жөнүндө жазган. Макала 11-сентябрда 24.kg басылмасынын сайтына жарыяланган.

Жээнбеков автордун бир туугандары жөнүндө сөздөрүн чындыкка коошпойт деп, анын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишмердик беделине шек келтирген деп таанууну талап кылган. Ошондой эле, моралдык зыяндын ордун толтуруу катарында ал ар бир жоопкерден 5 млн сомдон талап кылган.

«Арыздын өлчөмү жогорулатылган эмес. Кеп президенттик шайлоо жөнүндө болууда. Өлкөнүн келерки 6 жылдагы тагдыры жөнүндө. Талапкерге карата ушак таратууда», — деп билдирген штабдын начальниги Фарид Ниязов.

Басылмага карата арыз Боршайком Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Жылдыз Сманбаеванын «24.kg» басылмасын шайлоодо акредитациядан четтетүү боюнча суранычын карап чыккандан кийин берилген.

БШК басылманы аккредитациядан четтеткен жок, бирок макала сайттан алынган, ал эми «24.kg» Жээнбековго материалдарды жайгаштыруу үчүн акысыз аянтча берген.

Биринчи арыз эмес

Бул Жээнбеков мүчөлүгүнө кирген бийликчил социал-демократтар партиясы (КСДП) тарабынан «24.kg» басылмасына каршы берилген биринчи эле жолку арыз эмес. Үстүбүздөгү жылдын жаз айларында КСДПнын юристтери басылма менен укук коргоочу Рита Карасартовадан 1 млн сомдон талап кылышкан.

Басылма укук коргоочунун төмөндөгү сөздөрүн жайгаштырган: Макалада «Алар саясатты оюн кылып алышты, кызматтарды оңго-солго сатып жатышат» жана «Аймактагылар бийликтин партиясына азуусун көрсөтүштү».

КСДПнын саясий кеңеши бул партиянын ишкердик беделин кемсинтти деп чечкен.

Бул боюнча сот иши аягына чыга элек.


ТЕМА БОЮНЧА: