Акыйкатчынын институту 1,5 млн сомго жолтандабас алгысы келет (мурдагысын алар тротуарда кароосуз калтырып коюушкан)

Акыйкатчынын институту 1,5 млн сомго жолтандабас сатып алууга тендер жарыялады. Жазында Kloop.kgнин журналисттери акыйкатчы институтунун имаратынан алдында «Тойота Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү каралбай калган жолтандабас тротуарда токтоп турганын байкап калышкан. Анда аталган мекемеде жолтандабасты колдонуу үчүн алардын каражаттары жок экенин түшүндүрүшкөн.

Мамлекеттик сатып алуулардын сайтында акыйкатчынын аппараты 1 млн 576 миң сомго жолтандабас сатып алуусу боюнча тендер жарыяланган.

Тендердин шарттары боюнча, машина 1-декабрга чейин аталган мекеменин имаратынын алдына жеткирилип берилиши керек. Акыйкатчы институтуна так кандай үлгүдөгү жолтандабас керек экени ачыкталган эмес, бирок машинанын өнү «боз, ак же күмүш түстүү» болушу керек.

Үстүбуздүгү жылдын жаз айларында Kloop.kgнин журналисттери Акыйкатчы институтунун имаратынын алдындагы тротуарда көптөн бери каралбай токтоп турган «Тойота Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү жолтандабасты байкап калышкан.

Кийинчерээк машина бир жылдан бери жол кыймыл эрежесин бузуп, жөө жүргүндөрдүн өтүүсүнө тоскоолдук жаратып, тротуардын ортосунда турганы белгилүү болгон.

Аталган мекемеде Kloop.kgнин кабарчыларына билдиришкендей, автоунаа аларга таандык, бирок алардын жолтандабасты колдонуусу үчүн каражаттары жок.

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин айтымында, машина 2013-жылы демөөрчүлөрдүн акчасына алынган, бирок анын «тейлөөгө жарактуу мөөнөтү бүткөн» жана ал эсептен чыгарылмак.

Бул машинада мурда акыйкатчынын кызматын аркалап жүргөн Турсунбек Акун жүрчү.

Журналисттердин кайрылууларынан кийин патрулдук милиция машинаны атайын токтотуу жайына алып кеткен. Жолтандабас Маммүлк башкаруу фондусунун карамагына өткөн.


ТЕМА БОЮНЧА: