Шайлоо-2017: Төрөбаевге КТРКдан эфирдик саат берилди

Кыргызстандын президенттигине талапкер Бакыт Төрөбаев КТРКдан өзүнчө эфирдик саат алат. Телеканалда Төрөбаевке Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушунан кийин эфирдик саат берүүнү чечишти. Буга чейин Төрөбаев теледебаттардын алкагында берилген эфирден өзү баш тарткан, бирок кийинчерээк ал эфирге чыкканга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылган.

Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев 9-октябрда саат 17:55те КТРКнын эфирине чыгат деп билдирди БШКнын басма сөз кызматы. Ага 25 мүнөттүк эфирдик убакыт берилет.

Мурдараак телеканал Төрөбаевди теледебаттардын катышуучуларынын тизмесине кошкон эмес, анткени саясатчы мыйзам боюнча ага берилген эфирдик убакыттан өзү баш тарткан.

Бирок кийинчерээк Төрөбаев өз чечимин карап чыгып, КТРКдан аны теледебаттардын катышуучуларынын тизмесине кошууну талап кылган.

Ошенте дагы КТРКдан Төрөбаевди теледебаттардын катышуучуларынын тизмесине кошуудан баш тартышкан, алар бул нерсени «телеканалдын эфири — машина эмес» деп түшүндүрүшкөн.

«Урматтуу талапкерлер! Суранам туура түшүнгүлө, телеканалдын эфири — машина эмес. Кааласаң токтотуп, кааласаң айдап кеткидей. Тилекке каршы, бардыгын даярдоого мүмкүн эмес. Өтө аз убакыт калды», — деп жазган Карыпбеков.

Ал эми БШК өз кезегинде бардык талапкерлерге «бирдей мүмкүнчүлүктөр камсыздалышы» керек деп түшүндүрүп, телеканалга Төрөбаевге эфирге чыгууга мүмкүндүк берүүнү сунуштаган.

Мурдараак Төрөбаев КТРКнын түзүмүнө кирген «Ала-Тоо 24» маалыматтык телеканалынын эфиринде саясатчынын штабы тарабынан шайлоочуларды сатып алуу жөнүндө сюжет көрсөтүлгөндөн кийин телеканал менен кызматташуудан баш тарткан.

«Чагымчыл сюжет»

«Төрөбаевдин үгүтчүлөрү шайлоочуларды сатып алып жатат» деген аталыштагы сюжетте Төрөбаевдин ыктымал өкүлү акча берип, жарандардын жеке маалыматтарын билүүнү аракет кылып жатканы көрсөтүлгөн.

Төрөбаевдин штабынан билдиришкендей, видео чындыкка коошпойт жана ал «чагым үчүн жалган адамдардын катышуусу менен» тартылган. Саясатчынын штабынын өкүлдөрүнүн пикиринде, «чагымчыл сюжеттин» чыгарылышы Төрөбаевдин ар-намысына шек келтирет.

Төрөбаев шайлоодо КТРКны аккредитациядан ажыратууну талап кылган. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкердин арызын карап чыгууну убада кылган

Бакыт Төрөбаев — Кыргызстанда президенттик кызматка талапкерлердин бири. Ал 2017-жылдын 17-сентябрында башка президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен бириккен. Эгерде алардын биримдиги шайлоодон утуп чыкса Бабанов президент, ал эми Төрөбаев премьер-министр болот.

Бабанов бийлик тараптын талапкери Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашыболуп эсептелет.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Өлкө башчылык кызмат үчүн 12 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: