Видео: «Көз караш» инсталляциясынын айнеги өзү эле түшүп калган

«Спутник» басылмасы Жаштар Аллеясындагы байкоо камерасы «Көз караш» инсталляциясынын айнеги өзү эле түшүп калганы тартылган видеону жарыялады. Бишкектин милицясынан билдиришкендей, вандализм версиясы тастыкталган жок.

Бишкек милициясынын басма сөз кызматынан Kloop.kgге «Көз караш» арт-объектисин эч ким сындырган эместигин айтышты.

«Милициянын кызматкерлери инсталляция жайгашкан жерге барышып, бул «көз айнекти» эч ким сындырган эместигин аныкташкан. Биринчи жолу айнек эскилиги жеткени үчүн түшүп калган, андан кийин аны начар бекитип коюшса керек, ошон үчүн ал кайра түшүп калган», — деп билдиришти милициядан.

Сентябрь айынын ичинде инсталляция үч жолу сынган. Биринчи жолкусунда бул көрүнүш коомдун нааразылыгын жаратып, милиция божомолдуу вандалдарды издөөгө алган.

Андан кийин ар-объект 22-сентябрь менен 1-октябрда сынып калган. Мэрия үч жолу инсталляцияны калыбына келтирип, андан кийин мындан ары арт-инсталляцияны оңдобой турганын билдирген, анткени ал шаардын карамагында эмес.

Бийиктиги эки метр болгон көз айнекти өткөн жылдын июль айында DOXA арт-тобу орноткон. Эгерде көз айнектин маңдайына туруп аны караганда «Өз укуктарыңды коргоо үчүн аларды билүү керек» деген абада калкыган жазууну көрүүгө болот.

Ал 3D форматында таш плиткаларга кыргыз жана орус тилдеринде тартылган — көз айнек ал жазууларды туура ракурста көрүүгө жардам берет.


ТЕМА БОЮНЧА: