East Wing авиакомпаниясы Алматыда санавиациянын учагынын кыйрашынын айынан каза тапкан эки кыргызстандыктын сөөгүн Кыргызстанга алып келди. Компаниянын учагы төрөгөнү жаткан аялга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Шымкентке учуп жаткан, авиакырсыкта бардык экипаж каза тапкан.

Авиакырсыкта каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн 4-октябрдан 5-октябрга караган түнү Бишкекке алып келишти. Бул туурасында Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу билдирди.

Кыйраган учак таандык болгон East Wing компаниясы каза болгондордун сөөктөрүн Кыргызстанга жеткирүүдөгү бардык чыгымдарды өзү төлөгөн. 4-октябрь күнү кечинде алардын сөөктөрүн эки машина менен авиакомпаниянын кызматкерлеринин коштоосунда алып чыгып кетишкен.

Алматыда 3-октябрь күнү кечинде болгон авиа кырсыкта беш адамдан турган учактын экипажы каза тапкан.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, эки кыргызстандык каза болгон. Алар: учактын командири Геннадий Цой менен авитехник Бейшебек Акматбаев.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Ан-28 учагы төрөт алдында турган аялга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Алматы-Шымкент багыты боюнча учуп кеткен.

Бирок 12 мүнөт өткөндөн кийин учак радарлардан жоголуп кеткен. Акыркы жолу аны Алматыдан 28 чакырым узак жерден байкашкан.

Ал Междуреченск айылынын алдында кыйроого учураган. Кулагандан кийин ал зым-карагайларды илип кетип, өрттөнүп кеткен.

Тергөө жүрүүдө, бийлик азырынча учактын кыйрашынын так себептерин ачыкташа элек.

Кырсык болгон жерде 12 куткаруучу менен Алматы облусунун Өрт өчүрүү кызматынын үч машинасы иш алып барган.


ТЕМА БОЮНЧА:

Бийлик учак кырсыгынан жабыр тарткандарга берилген кунду ачыктабайт