Ош: Сот Бабановдун штабы тарабынан добуштарды сатып алуу боюнча кылмыш ишти кароону токтотту

Ош шаардык соту президенттикке талапкер Бабановдун штабы тарабынан добуштарды сатып алуу боюнча козголгон кылмыш ишти кароону токтотту. Тергөө тараптардын элдешишкенине байланыштуу токтотулган, бирок шектүүлөрдүн күнөөсү «толук далилденген»

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, шайлоочуларды сатып алуу боюнча кылмыш иши Ош шаардык соту тарабынан токтотулду.

«Сот кылмыш ишин кароону тараптардын жетишишкен элдешүүсүнө байланыштуу токтотту. Ошол эле учурда, жогоруда аталган адамдардын күнөөсү толугу менен далилденген», — деп айтылган Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Ош шаардык соту 18-сен6тябрда жергиликтүү тургундун арызына ылайык кылмыш ишин козгогон, ага 2 миң сомго Бабановго добуш берүүнү сунушташкан.

Бабановдун шайлоо алдындагы штабы бул ишти «кезектеги чагым жана административдик ресурс колдонуунун формаларынын бири» деп атаган.

Добуштарды сатып алуу боюнча дагы бир кылмыш иш

Бишкектин Октябрь райондук соту Бабановдун штабынын өкүлдөрү тарабынан добуштарды сатып алуу фактысы боюнча башка кылмыш ишин карап жатат.

Бишкектин тургуну аны сатып алгысы келишкенин айтып милицияга арыз жазган. Арыз жазган адам далил катары Бабановдун штабынын координаторлору менен болгон сүйлөөшүнүн видеосун көрсөткөн, алар добуштарды сатып алуунун планын талкуулашкан.

Башпрокуратуранын маалыматына ылайык, видеодо 30-35 жаштагы аялдар Асанбай кичи районундагы кошумча участокто Бабанов үчүн добуш бере турган шайлоочулардын добуштарын №2 формасы аркылуу сатып алуу жолун түшүндүрүшөт.

Кылмыш жаза кодексинин «Добуштарды сатып алуу» беренеси 100 миң сомдон 300 миң сомго чейин штрафты же 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын шарттайт.

Өмүрбек Бабанов — бийликчил президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбековдун эң башкы атаандашы.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого 12 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: