Видео: Кыргызстандык аялды сабаган түркиялык полиция кызматкерлери жумуштан четтетилди

Түркиянын Аланья шаарында полиция кызматкерлери кыргызстандык аялды сабап салышкан. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тергөө бүткүчө жумуштарынан четтетилишти.

Аялды сабап жатышканы тартылган видео 4-октябрда интернетте пайда болгон. Видеодон полиция кызматкерлери жолдун ортосунда жаткан аялды чачынан сүйрөп, тепкилеп жана келтек менен чапкылап жатканын көрүүгө болот.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги жабырланган аял кыргызстандык экенин жана кол салгандар Түркиянын Анталья провинциясындагы Аланья шаарынын полиция кызматкерлери болгонун тастыктады.

Ошондой эле, ТИМ окуяны кошо тастыктап берген Аланья шаарынын Коопсуздук башкармалыгы менен байланышка чыккан.

«Учурда аталган түрк полициясынын кызматкерлери тергөө иш-чаралары учурунда ээлеген кызматтарынан четтетилишти», — деп билдирет түркиялык тарап.

Жабыр тарткан кыргызстандык аялга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлгөн. Анын Кыргызстанга кайтуусу боюнча маселе тергөө амалдары бүткөндөн кийин чечилет.