Түркмөнстандын борбор калаасы Ашхабадда жабык имараттагы V Азия оюндары сентябрда болуп өттү. Анда 153 кыргыз балбаны спорттун 17 түрү боюнча күч сынашып, жалпы 70 медал алып келишти. Улуттук курамага эки медал алып келген, алыш күрөшү боюнча Азия чемпиону Алтынай Мамарасул кызы «Клоопко» маек курду.

Ашхабад шаарында өткөн Азия оюндарында 63 мамлекеттин ичинен Кыргызстан медалдык эсепте алдыңкы ондукка кирип, 8-орунга жайгашкан. Кыргызстандык спортчулар жалпы 70 медал утуп алышкан болсо, аларды 13ү алтын, 20сы күмүш, 36сы коло байге болуп саналат.

«Клооп»: Ашхабаддагы спорттук оюндарга кандай барып келдиңер? Кандай деңгээлде уюштурулуптур?

Алтынай Мамарасул кызы: Жакшы барып келдик, эч кыйналган деле жокпуз. Уюштуруу жагынан баары жакшы. Бир гана кемчилик жагы — калыстар. Түркмөнстанда уюштурулуп атканы үчүн судьяларды сатып алышкан окшойт деген ойдо калдым. Бардык эле мелдештерде судьялар түркмөндөргө тартып койду деп айтып келип жатышты. Биздин бел боо күрөшүндө дагы түркмөндөргө тартып атышты. Бир гана ошол жагынан кемчилик болду, бирок калганы баары жакшы.

«Клооп»: Эки медал тагынып келдиңиз, таймаштар кандай өттү?

Алтынай Мамарасул кызы: Биринчи бел боо боюнча чыктым. Бул күрөш түрү кыргыздардын алыш күрөшүнөн алынган. Бел боо күрөшү боюнча өзүм 72 кг салмакта болсом да өзүмдөн чоң салмак категориясында таймашып, финалга чейин жеттим. Финалда монголиялык балбан кыздан утулуп калдым. Өзүм 72 кг болуп, ал болсо 96 кг болду. Анын салмагы меникинен бир топ эле оор болгонуна байланыштуу жеңиш ага ыйгарылып калды. Менин оюмча, эгерде ал кыздын салмагы меникинен жок дегенде 5 кг оор болгондо, болгон күчүмдү жумшап алтын медал алмакмын. Бирок спортто 1 кг дагы аябай чоң ролду ойногондуктан финалдык беттештин жыйынтыгы ушундай болуп калды. Ошол маалда бутумдан жаракат алып калдым.

Ал эми кийинки күнү алыш күрөшү боюнча күч сынашмакмын. Бирок машыктыруучуларым «Ушунча келгенден кийин утушуң керек!» деп мени алдыга сүрөп турду. Мен дагы өзүмө-өзүм убада берип, «Алыш күрөшү — бул кыргыздардын оюну. Биз ким экенибизди ушул жерде көрсөтүшүбүз керек» дедим. Анан ашып кетсе үч мүнөттүк убакыт кетет. Ошо үч мүнөттүн ичинде эки ай даярданган эмгегибиздин баарын, күчүмдү ошол жерден чыгарайын дедим. Түркмөн кызга аябай тартып, менин ыргытууларымды эч эсепке алган жок. Бирок ага карабастан утуп алдым. Анан финалда ирандык балбан кыз менен күрөштүм. Ал 30 жашта экен, а мен болгону 19 жаштамын. Ал эми алыш күрөшүнө келгениме таптак бир жыл болду. Ошого карабастан болгон күчүмү жумшап, чемпион болушум керек деп, алыскы жолдон келдим, мамлекеттин акчасы кетти деп, Кыргызстандын гимнин ойнотконго аракет кылып, чемпион болуп келдим.

Алтынай Мамарасул кызы. Сүрөт: Дастан Үмөттегин

«Клооп»: Кичине кезде кайсы кесип ээси болом дейт элеңиз?

Алтынай Мамарасул кызы: Жалпы эле күрөш чөйрөсүнө келгениме төрт жарым жыл болду. Үч жарым жыл эркин күрөш боюнча машыгып, Кыргыз Республикасынын спорт чебери деген наамына жетишкем. Кичине кезимден эле мен өзүмдү спорт чөйрөсүнөн көрүп, спортчулардын арасында жүргөндөй элестетчүмүн. Ошол тилегиме жеттим десем болот. Спортко курбум аркылуу келип калгам. Өзүм дагы спортчулардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам Мамарасул Эргешбаев көк бөрү боюнча спорттун чебери, апам болсо жаш кезинде волейбол ойноп жүрчү экен. Бир туугандарым дагы спортчу. Бир эле чоң эжем спортко кызыкпайт, бирок бизге колдоо көрсөтүп, дем берип турат.

Алыш күрөшүнө келгениме бир жыл болду. Алгачкы жолу былтыр, 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 2-орунду алгам. Ошондон кийин эле мага алыш күрөшү аябай жагып калды. Анткени алыш күрөшү кыргыздардын оюну экен. Ошону даңазалап, Олимпиада оюндарына киргизүү максатында, дүйнө элдерине таанытуу максатында тандап алдым. Кийими да аябай ыңгайлуу десем болот.

«Клооп»: Үй-бүлөңүздө баары спортко жакын адамдар экен, спортко аралашып калганыңызга алар каршы болбой, кайра колдоо көрсөтүшсө керек?

Алтынай Мамарасул кызы: Кыз балдарга биринчи эле энеси бир аз каршы болот десек болот. Мага дагы апам «Мейли, башка спортту танда, мисалы шахмат, волейбол сыяктуу оюндарды танда, бирок күрөштү тандабай эле койчу» деген. Бирок мен ал спорттун түрлөрүнө кызыккан жокмун.

Командалык оюнда бир оюнчу начар болсо, команданы артка тартып кетет. Ал эми күрөштө, өз күчүң, өз эмгегиң менен күч сынашасың. Ошон үчүн мен күрөштү тандап кеткем.

Апам биринчи каршы болуп жүрдү, көп жумуштарды берип койчу. Чыбык менен уруп, барбайсың деген учурлар да болгон. Бирок атам спортту аябай жакшы түшүнөт. Мени атам каражат жагынан азыркы күнгө чейин колдоп келет. Чет өлкөгө чыгып, байгелүү орундарга жетишип, сүйүнүп, азыр экөө тең колдоп калышты. Азыр апам «Машыгууңа барбайсыңбы? Кечигип атасың, бар!» деп калды. Азыр мени баары колдоп, «Кыргыз эли сага ишенип калды, машыгууңду өткөрүшүң керек, эртең жеңилип калсаң уят» дешип, азыр эч ким каршы эмес, тескерисинче колдоо көрсөтүшөт.

«Клооп»: Кыз балдардын спорт менен машыгышына кандай көз караштасыз?

Алтынай Мамарасул кызы: Мен өзүмдү эле мисал келтирип айтсам, бул адамдын өзүнүн кызыгуусунан, аракетчилдигинен көз каранды. «Үй жыйнап, үкөлөрүңдү карашың керек» деген сыяктуу сөздөр мага деле айтылган. Бирок мен өзүмдүн өжөрлүгүм менен баарына жетишип, жыйынтыгы ушундай болду. Ар бир адамдын өзүнүн каалоосу бар, ал эмнеге кызыгаарын билиши керек. Эгерде «мен мунун аягына чыгам!» деп өзүнө ишенсе, анда баарына жетишкенге болот.

Алтынай Мамарасул кызы. Сүрөт: Дастан Үмөттегин

«Клооп»: Окуу жайга тапшырып атканыңызда спорт чебери деген наамыңыз болгон экен, окуу жай жеңилдик кылган эмес беле?

Алтынай Мамарасул кызы: Окуу жай спортту колдоп келгенине өзүм дагы күбө болуп калгам. Ошондуктан Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия факультетин тандагам. Спорт чебери болуп келсем дагы мени эмнегедир бюджеттик бөлүмгө кабыл алышкан жок. Ошондо менде «Мен эмне үчүн бюджетке өтпөй калдым? Же мен начармынбы?» деген чоң суроо пайда болгон. Өзүмдүн күчүм, эмгегим менен бюджеттик негизде билим алышым керек деп максат кылгам.

Анан былтыр II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 2-орунга татып, 50 пайыз жеңилдик алдым. Андан кийин эле Беларуста Дүйнөлүк кубок болуп, анда дагы 1-орунду алып 50 пайыз жеңилдик алгам. Анан эми быйыл төрт жылда бир жолу өтчү Азия оюндарында эки медал утуп келип, 100 пайыз жеңилдик алдым. Андан тышкары, окуу жай колума акчалай сыйлык берди. Мага бул чоң стимул болду, жоопкерчилик дагы артты. Ноябрь айында алыш күрөшү боюнча дүйнөлүк биринчилик өтөт, ошондо дагы 1-орунду алып, университеттин, кыргыз элимдин сыймыгы болууга болгон күчүмдү жумшайм.

Сүрөт: Дастан Үмөттегин