«Ретро Метронун» жабыгына нааразы болгон милиционерлер уруш чыгарышып, эс алуу жайдын дубалын аткылай башташкан. Ички иликтөө иштери башталды.

Kaktus.kg басылмасынын маалыматына ылайык, милиционерлер 5-октябрда кылмышкерлерди издөө кызматкеткеринин  кесиптик майрамын белгилеп жатышып «Ретро Метро» түнкү клубуна келишкен.

Эс алуу жайы жабык болгондугуна наарызы болгон милиционерлер жаңжал чыгара башташкан.

Клубдун администрациясы жайдын ачылуусун күтө турууга чакырып, аларды тынчтанууга чакырган, ошондон кийин алар аталган жайдын дубалын аткылай башташган.

«Учурда ичики иликтөө жүрүүдө, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет», — деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Учурда иштин материалдары жеткиликсиз.


ТЕМА БОЮНЧА: