Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков менен Адахан Мадумаров Кочкор-Атадагы үгүткө бир учурда келишкен, алар эки мүнөттөй чогулгандардын алдына кимиси чыга турганын аныктай албай турушкан. Натыйжада стадиондун сахнасында КСДПнын талапкери калган.

Талаштуу жагдай 8-октябрда Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жаралган — Мадумаров менен Жээнбеков өздөрүнүн үгүттө иш чараларын бир эле учурда бирдей жерде белгилешкен.

Жээнбековдун штабынын өкүлү Толгонай Стамалиева алардын талапкеринин Кочкор-Атадагы жолугушуусу белгиленген убакытта өтүп жатканын айтууда. Анын айтымында, алып баруучу сүйлөп жаткан учурда сөз алууга аракет кылган Мадумаров пайда болгон.

«[…] 1-2 минут казус болду. Сооронбай Шарипович, анын тарапкерлери сүйлөшүп, сахнанын бир бурчунда А.Мадумаров да угуп турду. Сооронбай Шарипович аны жанынан орун алууга да чакырды. Бир аздан соң, ал тарапкерлери менен стадиондон чыгып кетти», — деп жазган Стамалиева.

Жыйынтыгында стадиондун сахнасы Жээнбековдо калган. Ал учурда анын тарапташтары талапкердин үгүт көрнөктөрүн чыгарып, жабдыктарды даярдаганга үлгүрүшкөн.


Ал эми Мадумаров өзү стадиондон алыс эмес жерде тарапташтарын чогултуп, сахнада «Жээнбеков ага сөз берүүдөн коркту» деп билдирди.

«Эмнеге сизге сөз беришпейт деп сурап жатышат улам-улам? Көрдүңөр мен маданияттуу болуп күттүм. Эгерде коркпосо Соке (Сооронбай Жээнбеков — ред. эскертүүсү) экинчи талапкер келип калыптыр деп сөз бермек. Бирок анте албады», — деп билдирди ал.

Андан соң Мадумаров Жээнбековдун Ош облусунда губернатор болуп тургандагы ишин сынга ала баштады

«Корксун, анткени булардын күнү, булардын тайраңдоосу, булардын жалганы кудай кааласа 15-октябрда бүтөт. Биз нукура элдик президентти шайлайбыз. Мына мындай кыйкыртып, бакыртып келип, жолдордун баарын тоскон президенттин кереги жок. Кандай дейсиздер?», — деди Мадумаров.

Жээнбеков — мурдагы премьер-министр жана учурдагы өлкө башчысынын колдоосунан пайдаланган бийликчил социал-демократтар (КСДП) партиясынын президенттик кызматка талапкери.

Анын шайлоодогу эң башкы каршылаштары — мурдагы премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариев. Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрындагы өтө турган президенттик шайлоого 11 талапкер ат салышууда.