Борбордук шайлоо комиссиясы «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаевдин талапркерлигин президенттик жарыштан расмий түрдө алды. Буга чейин саясатчы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен биригип, аны шайлоодо колдой турганын билдирген.

Боршайкомдун жумушчу тобу 7-октябрда Төрөбаевдин талапкерлигин президенттик жарыштан алуу чечимин кабыл алды. Ал эми саясатчы өзү бул туурасында Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы шайлоочулар менен жолугушуу учурунда билдирген.

«Бир бак токой боло албайт, ошондуктан мен Бабанов менен бириктим жана учурда мен БШКга өз талапкерлигимди алуу боюнча арыз тапшырдым», — деген саясатчы.

Саясатчылар 17-сентябрда «Бабанов — президент, Төрөбаев — премьер-министр» деген ураандын алдында бир тандемге биригишкен.  Өз сөзүндө «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бабановду «эл үчүн» колдой турган «татыктуу талапкер» деп атаган.

Мурдараак Төрөбаев саясатчылар Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров менен «Кайра Жаралуу» бирдиктүү партиясынын алдында бириккен болчу.

Саясатчылардын төртилтиги президенттикке бирдиктүү талапкерди чыгара тургандыктарын билдиришкен. Бирок бул нерсе ишке ашпай калган, анткени саясий биримдик тарап кеткен.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого 11 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: