Жалал-Абад облусу: Күйүүчү май ташыгыч менен жеңил унаа сүзүшүп беш адам каза болду

Кара-Көл шаарынан алыс эмес жерде 8-октябрь күнү «Вольво» үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа менен «Хонда Фит» сүзүшкөн. Жол кырсыгында салондун ичиндеги беш адамдан турган үй-бүлөө каза болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыгы болжолдуу саат эртең мененки 11де болгон.

Жол кырсыгынан улам 7 адам жабыркап, дагы үч адам алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болуп, калган экөө ооруканага жетпей көз жумган.

«Турмуш» басылмасынын маалыматына ылайык, жол кырсыгы «Хонда Фит» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу жолдун бурулушунда унааны башкара албай калгандыгынан улам күйүүчү май ташыгыч менен сүзүшкөн.  

Күйүүчү май ташыгычтын айдоочусу жеңил машинадан төрт адамды чыгарганга үлгүргөн. «Хонда Фиттин» айдоочусун чыгарууга мүмкүн болгон эмес, анткени ал машинанын салолунда кысылып калган. Андан кийин жеңил машина өрттөнүп кеткен.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза болгон беш адам бир үй-бүлөөнүн мүчөлөрү болушкан жана алар Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айлынын тургундары экени белгилүү болгон.

Каза болгондордун сөөктөрү Кара-Көл шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген.

Авторлошу: Марат Абдыкалыков

Сүрөт: МЧС


ТЕМА БОЮНЧА: