Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда мугалимдердин алдында сүйлөп жатып казак бийлиги тууралуу жагымсыз нерселерди айтты. Kloop.kg Атамбаевдин айткандарына реакция билдирген казак расмийлеринин жана саясий серепчилеринин пикирлерин чогултту.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 7-октябрда мугалимдерге сыйлык тапшыруу салтанатында Казакстанда «Бакиевди жакшы көрүшөт» деп, коңшу өлкөнүн бийлигин «казакстандын байлыгын» уурдоо боюнча айыптады.

Премьер-министр Бакытжан Сагынтаев

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагынтаев Атамбаевдин сөздөрүн «чагымчыл, жоопкерчиликсиз жана жалган» деп атады. Анын оюнча, президент «шайлоо алдындагы максаттар боюнча» жалган билдирүү айткан.

«Кыргызстандын президентинин шайлоо алдындагы жоопкерчиликсиз, чагымчыл жана калп ырастоолору эки өлкөнүн көп кылымдардан бери келе жаткан достук жана кызматташтык мамилесине зыян келтирбеши керек», — деп билдирди Сагынтаев.

Премьер-министр Казакстандын акыркы жылдардагы экономикалык жана социалдык жетишкендиктерин баса белгиледи.

«Көз карандысыз жылдары биздин экономика 20 эсе жогорулаган. 2012-жылы Казакстандын дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн 50 өлкөнүн катарына кирген. Акыркы 15 жылда Казакстанда орточо айлык маяна менен пенсиянын өлчөмү 10 эсе жогорулаган. Казакстанда пенсиянын орточо өлчөмү Кыргызстанга салыштырмалуу беш жана үч эсе жогору», — деди ал.

Казакстандын ТИМи Атамбаевдин сөздөрүнө «чечкиндүү каршылык» билдирип, мындай билдирүүлөр эки дос өлкөнүн ортосунда «болбошу» керек деп эсептейт.

Эмгек жана социалдык коргоо министри Тамара Дуйсенова билдиргендей, социалдык маселелер ички мамлекеттик болуп эсептелет жана башка өлкөлөр тарабынан сынга алынбашы керек.

«Биз эч качан башка мамлекетке эмне үчүн алардын төлөмдөрү мындай же тигиндей деп маселе койбойбуз. Биз бул нерсени айткан жокпуз го, сындабайбыз, анткени бул ар бир өлкөнүн ички мамлекеттик маселеси», — деп билдирди министр.

Саясий серепчилердин пикири

Атамбаевдин айткандары казакстандык саясий серепчилердин дагы көңүлүнүн тышында калган жок.

Саясий серепчи Досым Сатпаев билдиргендей, Кыргызстандагы шайлодон кийин Казакстан «күтүүсүз окуя» күтө берсе болот. Анын айтымында, Кыргызстандын президенти «Борбор Азияда аксак өрдөк болуп туруп, бүркүт көрүнгүсү келүүдө».

«Мындай кайраттуулук бир гана шайлоо алдындагы кымгуутка байланыштуу эмес, башка дагы эки учур бар. Биринчиден, борбор азиялык патриархтардын доору бүтүп бара жаткандыгына ишенимдүүлүк. Бишкекте Өзбекстандан кийин кезек Казакстанда болот деп күтүшүүдө. Арстан алсырап бара жатканда аны жада калса "аксак өрдөктөр" дагы чокуй алышат. Экинчиден, аймакта эми жаңы "улуу агаларды" күтүшпөйт дегенге кыйытма», — деп эсептей Сатпаев.

Башка саясий серепчи Ерлан Карин чагымчылдыкка алдырбай «сыпайычылыкты карманууну» уланта берүү керек деп үндөдү.

«Мындай чагымга алдыруунун кереги жок. Бизде кандайдыр бир убактылуу саясий маселелерге караганда мамлекеттер аралык мамилер ар дайыма бийик турган. Ал эми Кыргызстандын өзүндө жогорку жактан түшүп жаткан долуланууну коомчулук кабыл албай жатат, анткени эл бул нерсенин бардыгы шайлоо үчүн болуп жатканын түшүнүп жатышат», — деди ал.


ТЕМА БОЮНЧА: