Азия кубогу-2019, тандоо: Кыргызстан менен Мьянма тең чыкты

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Мьянманын курама командасында конокто тең жыйынтык менен ойноп чыгышты. Кыргызстандыктар матчтын негизги убактысына кошулган экинчи мүнөттө дарбазачынын катасынан улам женишти колдон чыгарып жиберишти.

Кыргызстандыктар матчтын биринчи таймында эсепти ачышты. Тогузунчу мүнөттөгү жолугушта, Кыргызстандын улуттук курамасынын коргоочусу Виктор Майерди каршылашынын дарбазасынын штрафтык аянтында сүзүп кетишти. Арбитр көп ойлонбостон кожоюндардын дарбазасына пенальти жарыялап, Антон Землянухин эч кыйналбастан голду ишке ашырып эсеп 0:1 болду.

Өткөрүлгөн топтон кийин Мьянманын улуттук курамасы жигердүү үстөмдүк кылууга өтүштү, бирок эч майнап чыкпагандыктан, кайсы бир учурда кыргызстандыктар демилгени өздөрүнө кайтарып алышты.

Командалар коргоодо көп отурушпай жигердүү ойношуп, айрым учурларда катуураак дагы оюн жүргүзүштү.

Тыныгуудан кийин Кыргызстан үстөмдүк кылууну эки эсе көбөйттү. Команданын оюнчуларынын бир нече майнапсыз аракеттеринен соң Виталий Майер дарбазанын оң жактагы ылдыйкы бурчуна топ киргизип эсеп 0:2 болду.

Экинчи өткөрүлгөн топ Мьянманын улуттук курамасынын аракетин эч бир басаңдаткан жок. Кожоюндар заматта топту өздөрүнө имеришип, бир нече мүнөттөрдөн кийин эсеп боюнча артта калууну азайта алышып эсеп — 1:2 болуп калды.

Экинчи таймдын ортосунда оюн бир аз тынчып, таймаш аянттын чок ортосуна жылды. Кайсы бир учурларда командалар сокку кылууга чуркоону чечише албай турушту.

Жолугушуунун көшөгөсүнүн алдында каршылаштар жанданышып, жигердүү иш-аракеттерди кылууга өтүштү. Өзгөчө Мьянма курамасынын футболчулары жигердүү болуп жатышты. Кожоюндар акыркы күчтөрү менен кыргызстандыктардан топту имерип жатышты.

Мьянма кайра-кайра Павел Матяштын дарбазасына чабуул кылып жатты, бирок топ дарбазадан кайып кетип жатты. Кезектеги чабуулда топ кожоюндардын курамасынан Кыргызстандын курамасынын голкиперинин колуна келип түштү, бирок ал аны кармап кала албагандыктан, топ торго түшүп калды.

Кыргызстан Азия Кубогунун төртүнчү тандоо турунун матчында жеңишти коё берүүдө.

Мьянма 2 — 2 Кыргызстан

9′ Антон Землянухин (пенальти)

49′ Виктор Майер

52′ Аунг Ву

90+2′ Куав К.

Азия Кубогу

Азия кубогу – Азия футбол конфедерациясына кирген өлкөлөр ичинде эң абройлуу турнир, анын финалдык бөлүгү Бириккен Араб Эмираттарында 2019-жылы өткөрүлөт.

Үчүнчү тандочу айлампада Кыргызстандын курама командасы Макао, Индия жана Мьянма менен бир топко түшүп калган.

Кыргызстан тандоо баскычында ийгиликке жетишсе улуттук курама команда өз тарыхында биринчи жолу ири континенталдык турнирдин финалдык бөлүгүндө оюн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат.


ТЕМА БОЮНЧА: