Өкмөт: Түрк компаниясы учак кырсыгынан жабыргагандарга толугу менен кун төлөп берди

Өкмөт билдиргендей, Дача-СУ кыштагында кыйраган учактын ээси болгон түрк компаниясы жабыркагандарга толугу менен кун төлөп берди. Бийлик кундун өлчөмүн ачыктаган жок, бирок кырсык болгон жерге мемориал тургузулаарын убада кылышты.

Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев 10-октябрда өткөн өкмөттүн жыйынында учак кырсыгынан каза болгондордун жакындары менен жабыркагандарга кундар толугу менен төлөнүп берилгенин билдирди.

«Кундардын өлчөмү жабыркагандар менен макулдашылган. Бүгүнкү күнү түрк тараптан тийиштүү каражаттар толук түрдө которулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине жарандардан жана уюмдардан келип түшкөн акча каражаттар каза болгон жарандардын туугандарынын жана жабыркагандардын жеке банк эсептерине которулду», — деди Абулгазиев.

Тоголок жана жарым жетим калган балдарга компенсация улуттук жана чет элдик валюта менен депозиттик эсебине которулду. Ал сумманы балдар 18 жашка толгондо ала алышат.

Бийлик «жабыркагандардын өздөрүнүн суранычын, айрым этикалык талаптар жана коопсуздук жагын эске алуу менен» которулган кундун өлчөмүн ачыкка чыгарбоо чечимин кабыл алды.

Өкмөт бардык жабыр тарткандардын жоготулган документтерин калыбына келтирип берди. Ошондой эле, жабыркагандарга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүп, 34 адам Түркиянын Анталия курорттук шаарында реабилитациядан өтүп келишкен.

Бийлик кырсык болгон жерге каза тапкандарды эскерүү үчүн мемориал курууну пландап жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 16-январында Дача-СУ кыштагына «Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кыйраган. Учак турак жайлардын үстүнө кулаган. Кыйроонун натыйжасында экипаждын мүчөлөрүн кошкондо 39 адам набыт болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: