УКМК: Активист Мелис Аспеков «массалык башаламандык» уюштурууга шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) «массалык башаламандык» уюштуруу деген шек менен жарандык активист Мелис Аспековду кармады. Интернет тармактарына болжолдуу Аспеков 15-октябрда массалык башаламандыкка катышуу үчүн адамдарды чогултуу пландалып жатканын айткан телефондук сүйлөшүүлөр жарыяланган.

УКМКнын кызматкерлери Мелис Аспековду 9-октябрь күнү кечинде кармашкан.

«Мелис Аспековду 48 саатка УКМКга камашты. Иш "жашыруун" белгисинде. Массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти басып алуу боюнча оор беренелер тагылууда», — деп жазган Турдукулов.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Аспеков шайлоодон кийин «бийликти басып алуу максатында массалык башаламандыктарды даярдоого» шектелүүдө.

Тергөө Аспеков мурда камакка алынган депутат Канат Исаев менен байланышы бар деп ырастоодо. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар «массалык башаламандыкка катышуу» үчүн өздөрүнүн тарапкерлерин чогултууга аракет кылышкан.  

«Аспеков белгилүү бир адамдардын тобунун кызыкчылыгы үчүн президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланган соң, айрым жарандар менен алдын ала бүтүм боюнча Кыргызстандагы абалды туруксуздаштыруу пландарына катышкан», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Аспеков Исаев жана «Республика» партиясынын айрым жактоочулары менен байланышта болуп туруп, 15-октябрда өтө турган шайлоо учурунда жана андан кийин башаламандыкка катышуу үчүн тарапкерлерди чогултууга аракет жасаган.

Аспековдун телефондук сүйлөшүүлөрү

Аспеков 10-октябрда жарыяланган телефондук сүйлөшүүдө төрт адам менен маектешет: Нурбек, Жусуп, Абдымалик Мырзаев жана Мурат Жетимишбаев деген бирөөлөр.

Нурбек деген бирөө менен сүйлөшүүдө Аспеков 15-октябрда аянтка адамдарды чыгаруу боюна ыктымал планын талкуулайт.

«Азыр бул Бабан [Өмүрбек Бабанов] менен биз сүйлөштүк. Азыр ошол 15ине карата, азыр чоң нерсе болуп кетчүдөй болуп жатат да. Ага абдан чоң-чоң күчтөр иштеп жатат, кичиси дагы, чоңу дагы, ортосу дагы. Биздагы ошол жактан 1000-2000 чогултуп, эгерде болуп кетсе ушунун баары. Ошол жактан сүрүп чыгыш керек да муну. Андан кийин бул жерде ошонун баары болуп кетет, эгердебулдо концабарсачы», — деп сүйлөшөт ыктымал Аспеков кайсы бир Нурбек деген киши менен.

Жусуп аттуу киши менен сүйлөшүүдө белгилүү саясатчылардын, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана башкалардын ысымдары аталган.

«Так, жаңылыктардан, тигил Темке болсо до конца барат экен. Анан кийин тиги сүйлөшүптүр, бул Адахан дагы до конца барганы жатат буйруса. Анан кийин тиги "Бульдозер" [Азимбек Бекназаров] менен "Бабанчик" [Өмүрбек Бабанов] сүйлөшүптүр, "Бульдозер" айтыптыр: "болду короче мен баштап берем" дептир», — деп айтат жазмада болжолдуу Аспеков.

«Элдик фронт» кыймылынын башчысы Абдымалик Мырзаев менен болгон сүйлөшүүдө Аспеков Канат Исаев менен божомолдуу даярдык иштерин көрүүнү жүргүзгөнү жатканы жөнүндө айтат, бирок беркини кармап кетишкен.

Абдымалик Мырзаев

«Тиги Канат байке менен мен сүйлөшчүмүн да. Канат байкенин телефону өчүк болуп жатат, камап салбадыбы Исаевди. А мен Канат байке менен сүйлөшүп, экөөбүз иштешип эметип баштаганбыз да. Анан аны камап салбадыбы. Анан биз изолированный болуп калдык», — деп айтат ыктымал Аспеков жазмада.

Мурат Жетимишбаев менен сүйлөшүүдө Аспеков шаарга (шаардын аты аталган эмес) өлтүрүлгөн крим төбөл Алманбет Анапияевдин агасы — Калмамат келгени тууралуу айтат. Аспеков Жетимишпбаевге ал ыктымал Калмаматты кошулууга ынандыра алганын жана Калмаматтын 300 спортчусу бар экенин айткан.

Мурат Жетимишбаев

«Мурат ава, мен чалган себебим, кечээ шаарга ким келиптир, Калмамат аке — Алмамбет Анапияевдин бир тууган агасы. Мунун биякта эле 300 спортсмен баласы бар», — деп айтат ыктымал Аспеков жазмада.

Бабановдун штабынын Аспековдун кармалышына болгон реакциясы

Бабановдун штабынын өкүлү Мирсулжан Намазалиев 10-октябрдагы маалымат жыйынында Аспековдун кармалышын «коомчулуктун пикирин Бабановго карата өзгөртүү үчүн атайын кызматтардын аракети» деп атады.

«Аспеков биздин тарапкер болуп эсептелбейт. Ал Бабановдун каршылашы, ал ага каршы БШКга арызданган», — деп билдирди Намазалиев.

Канатбек Исаевдин иши

УКМК депутат Канатбек Исаевди 30-сентябрда кармап, саясатчыга каршы «бийликти күч менен басып алууга» даярдануу боюнча кылмыш ишин козголгон. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Исаев «массалык башаламандык уюштуруу үчүн кылмыштуу топтор менен сүйлөшүүгө барган».

Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаев менен анын «шериктери» президенттик шайлоонун «жыйынтыктары бурмаланышы» үчүн каршылыкка чыга турган адамдарды өз катарларына үгүттөшмөк. Андан кийин каршылык акциялар массалык башаламандыктарга айланып кетмек.

Атайын кызматтардын маалыматтарына ылайык, эгерде 15-октябрдагы президенттик шайлоодо Бабанов утулуп кала турган болсо башаламандыктар ишке ашмак.

Ал эми Бабанов өзү билдиргендей, Исаевди анын тарапташы болгону үчүн кармашкан. Бабановдун пикиринде, аны президенттик жарышта биринчиликте келе жатканы үчүн каралоого аракеттенишүүдө.

Атайын кызмат Бабановдун Исаевдин кармалышы боюнча айткандарын тергөө менен коомдун пикирин «саясий нукка» буруп кетүү аракети деп атаган. Анадан соң Биринчи май райондук соту саясатчы менен кошо үч айыпталуучуну эки айга камакка алуу өкүмүн чыгарган.

Авторлошу: Рустам Халимов


ТЕМА БОЮНЧА: