Оштогу дубалдын бетиндеги трафарет сүрөтү. «Кайсыл жерге тыныш белгиси коюуларын ар ким өзү тандайт», — деп айтышууда «Жаңы ыргак» феминисттик уюмдун авторлорунун бири. Бүгүн — Кыздардын эл аралык күнү.

«Жаңы ыргак» 2016-жылы өлкөнүн түштүк аймагындагы өспүрүмдөр үчүн «гендердик нормалардын академиясын» өткөрө баштаган. Үй-бүлөлүк зомбулук, гендердик тең укуктуулук жана аялдардын укук маселесин көтөргөн дубалдагы трафарет сүрөттөр мындай мектептин натыйжаларынын бири болуп калган.

Улуттук сатистика комитенин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2015-жылы 10 айдын ичинде аялдарга карата болгон зомбулуктун 2555 учуру катталган. Алардын көпчүлүгү — жумушсуздар. «Аялдарга жардам көрсөтүү борбору» менен «Кыз коргон» билдиргендей, Кыргызстанда үй-бүлө куруу үчүн орто эсеп менен күнүнө 32 кыз уурдалат. Алардын алтоосу зомбулукка кабылат.

БУУ 2012-жылы бул майрамды жарыялагандан тарта Эл аралык кыздар күнү белгиленип келет. Бул күндүн максаты — дүйнө жүзүндөгү кыздардын теңсиздиги менен көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруу.


ТЕМА БОЮНЧА: