Кыргыз-казак чек арасындагы «Кордай» көзөмөл-өткөрмө бекетинин кире беришинде 11-октябрь күнү кечинде жеңил жана оор жүк авто унаалары чогулуп калды.

Чек арада чоң кезек күтүүлөр менен тыгындар 10-октябрь күнү кечинде пайда боло баштаган. Кыргыз чек арачылары бул нерсени казак тарап көзөмөлдү күчөткөнүнө байланыштуу деп түшүндүрүшкөн. Казакстандын бийлиги азырынча жаралган кырдаалга эч кандай комментарий бере элек.

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков 1-октябрь күнү күндүз Өзгөчө кырдаалдар министрлигине чек арадагы топтолуп калган адамдарга биотуалет менен чатырларды орнотуп, аларды ысык тамак-аш жана таза суу менен камсыздоону буйруган.

КОШУМЧА КИЙИНКИ МАТЕРИАЛДЫ ОКУҢУЗ:

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр тамак-аш жана чатырлар менен камсыздалат