Ырчы Клара Алибековага орой мамиле кылган үч милиционер жазаланды

Ырчы Клара Алибековага орой мамиле жасаган үч милиционер тартип жоопкерчилигине тартылды. Буга чейин интернетке ал жардам сурап кайрылганда милиция кызматкерлери Алибекованы мыскылдап жатышканы тартылган видео жарыяланган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, милициянын үч кызматкери аларга жардам сурап кайрылган ырчы Клара Алибековага орой мамиле жасашканы үчүн кызматтык тартип жоопкерчилигине тартылышты. ИИМдин басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына милиционерлер кандай жазага тартылышканын тактап бере алышкан жок.

Бирок басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, текшерүү милиционерлер жардам берүүдөн баш тартышкан эместигин аныктаган. Ошондой эле, ырчынын артынан аны зордуктагысы келген адам кубалагандыгы тууралуу маалымат такталган эмес.

«Материал юридикалык баа берилиши үчүн тергөө органдарына берилди. Аталган кызматкерлердин ички иштер органдарындагы кызматтарда калуусу боюнча маселе тергөө органдарынын текшерүүсүнөн кийин чечилет», — деп айтылат басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Мурдараак интернетте ырчы Клара Алибекова Бишкектин көчөлөрүнүн биринде кызмат өтөп жүргөн милиционерлерге жардам сурап кайрылганы боюнча видео жарыяланган.

Видеодо Алибекова милиционерлер менен машинада отуруп, аларга анын артынан зордуктагысы келген белгисиз адам кубалап, бир нече жолу чаап салганын жана муунтканын айтып бергени чагылдырылган.

Жооп катары милиционерлер ырчыны мыскылдай башташкан.

«Сенин крышаң кетип калган жок беле?» — дейт алардын бирөөcү.

Коомдук тармактардын колдонуучуларын милиционерлердин ырчыга карата кылган орой мамилеси нааразы кылган. Бул окуядан кийин кызматтык иликтөө дайындалган.