КТРКдагы теледебаттардын экинчи туру кандай өттү?

КТРКда президенттикке талапкерлердин теледебаттарынын экинчи турунун биринчи күнү соңуна чыкты. Эфирге президенттикке талапкерлер Токтайым Үмөталиева, Таалатбек Масадыков, Арстанбек Абдылдаев, Улукбек Кочкоров жана Өмүрбек Бабанов чыкты. Ар бир талапкерге 20 мүнөттөн эфирдик убакыт берилди, ал учурда алар өздөрүнүн шайлоо алдындагы программалары жөнүндө айтып берүүлөрү шарт болчу.

КТРКда теледебаттардын экинчи турунун биринчи күнү аяктады. Түз эфирге президенттикке талапкерлер Токтайым Үмөталиева, Таалатбек Масадыков, Арстанбек Абдылдаев, Улукбек Кочкоров жана Өмүрбек Бабанов чыкты.

Негизи башында дебеттарга Камчыбек Ташиев да катышышы керек болчу, бирок теледебаттардын башталаарына бир нече күн калганда Ташиев бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун пайдасы үчүн президенттик жарыштан четтеп кеткен.

Ар бир талапкердин 20 мүнөттөн эфирдик убактысы болду: бир мүнөттөн саламдашуу менен коштошууга, ал эми калган 18 мүнөт өздөрүнүн шайлоо алдындагы программалы менен тааныштырууга бөлүндү.

Башында талапкерлердин ар бири телекөрүүчүлөр менен саламдашты.

Биринчи айлампа

Алып баруучулар талапкерлерге эгерде алар өлкөнүн президенттик кызматына шайланып калышса, мамлекеттин соттук тутумун кандай реформа күтөт деген суроону узатышты.

Абдылдаев мындай маселелерди чечүүдө бийликтин акылы жетишпей жатат деп эсептеди. Ал кыргыздарда сот болбогонун эске салды. Бардык талаштуу жагдайлар аксакалдар кеңеши аркылуу чечилип келген.

Бабановдун айтымында, реформа кылуу үчүн үч багытта иш жүргүзүү керек: соттордун жумушка жароо жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, алардын мүлктөрүн каттоо жана алардын саясий эрки. Анын оюнча, соттордун көпчүлүгү бийликтен коркот.

Ал эми Кочкоровдун пикиринде, элдик курултайларды түптөө керек, анткени соттор бийликтегилерден коркушат. Ал соттук жараяндар ачык жана онлайн-түрүндө өтүшү керек экенин кошумчалады.

Масадыков билдиргендей, өлкөдө соттук тутум жок, себеби бардыгы акча жана пара берүү менен чечилет.

Үмөталиеванын айтымында, соттук реформа урап калган, анткени соттор партияларга баш ийишет. Ал соттук тутумда кадрдык реформа жүргүзүүлөр керек деп кошумчалады.

Айрым талапкерлер ыргыз-казак чек арасында жаралган кырдаалга тынчсызданып жатканын айтышты.

Алып баруучулар тарабынан берилген экинчи суроо талапкерлер коррупция менен кантип күрөшө турганы жөнүндө болду.

Масадыковдун айтымында, элге коррупция менен жашаган ыңгайлуу болуп калды. Ал паракорчулук менен эффективдүү күрөшүү үчүн Сингапурдагыдай электрондук өкмөт киргизүү керек экенин кошумча кылды.

Ал эми Кочкоров биздин өлкөнү чиритип бара жатат деп билдирди. Бирок тилекке каршы, Кыргызстанда коррупция менен күрөштү саясий каршылаш болуп калгандарга каршы жүргүзүшөт.

Бабановдун пикиринде, коррупция менен күрөштү бийликтин башындагылардан баштоо керек, мисалы бажы кызматтарынан.

Ал эми Абдылдаев болсо өзүнө жөн гана чөнтөккө салууну сунуштап жатышса акча албастыгын, анткени алар ашык акчалар экенин айтты.

Үмөталиеванын айтымында, коррупция менен болгон күрөштө мыйзамдар аткаминерлерден баштап премьер-министр жана президент менен бүтүндөй бардыгына бирдей болушу керек.

Бабанов темадан четтеп, шайлоочуларды чагымчылдык менен жалганга алдырбоого үндөдү. Саясатчынын пикиринде, КТРК анын беделин «каралоону» улантууда. Ал бул пикирин дебаттар бүткүчө бир нече жолу кайталады.

Экинчи айлампа

Талапкерлер экинчи айлампада алып баруучулардын суроолоруна жооп берүүнү улантышты. Биринчи суроо өлкөнү башкаруу формасы тууралуу болду.

Бабанов Кыргызстанга анын «чоң аппараты» жана «андаң чоң премьер-министрдин аппараты» эмес болгону бир эле президент керек деп жооп берди.

Ал эми Кочкоров элдик курултай түзүүнү сунуштады, анткени президент ар бир эки жылда курулдайдын алдында отчет берип турат.

Үмөталиева анын сунушун колдоду, бирок ал үчүн Кыргызстан бир мандаттуу тутумга кайтышы керек экенин кошумчалады.

Масадыков президент менен премьер-министр бир эле адам болушу керек деп билдирди.

Абдылдаев президент Алмазбек Атамбаевдин Бабанов менен Сариевдин дарегине айткандарын сынга алып, ал аларды премьер-министрлик кызматка өзү дайындаган деп билдирди. Анын айтымында, эгерде президент жаратуучунун күчүн сезбесе ал өзүнүн иш-аракеттеринен азап тартат.

Масадыков 2016-жылы Конституцияны өзгөртүү боюнча өткөрүлгөн референдумду айыптады. Анын пикиринде, бул референдум бир партиянын гана кызыкчылыгы үчүн болгон жана учурда бул система менен президент дагы премьер-министр дагы иштей албайт.

Алып баруучулардын кийинки суроосу терроризм коркунучу жөнүндө болду.

Бабанов «Коопсуз өлкө» долбоорун ишке ашыруу зарыл экенин билдирди, анткени ошондо гана «акылдуу» камералар Кыргызстандын чек арасынан өтүп жаткан адамдардын бардыгынын жүздөрүн аныктай алат.

Үмөталиеванын айтымында, өлкөдө кайсы бир материалдары сактоо үчүн адамды түрмөгө отургузуп сала ала турган тизме жок. Анын пикиринде, бул нерсе Кыргызстандын коопсуздугуна реалдуу коркунучтарды жараткан жагдайларды аныктоого тоскоолдук кылууда.

Ал эми Масадыковдун пикиринде, терроризм көйгөйү глобалдуу.  Ал терроризм менен күрөшүүдө Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен жана эл аралык уюмдар менен кызматташуусу зарыл деп эсептейт.

Кочкоровдун айтымында, өлкөнүн жарандары согуш болуп жаткан мамлекеттерге кетип жатканына Кыргызстандын бийлиги өзү күнөөлүү.

Алып баруучулардын кийинки суроосу талапкерлердин светтик мамлекетке болгон көз карашы жөнүндө берилди.

Үмөталиеванын айтымында, адамдар түпкүлүгүнө кайтып, аны кадырлоосу керек.

Ал эми Масадыков мамлекет светтик болушу керек деп билдирип, бирок биз бардык диндерге карата сабырдуу болушубуз зарыл деп кошумчалады.

Кочкоровдун пикиринде, «кыргыздар чоң катаклизмдердин босогосунда турат жана мамлекет ага жигердүү даярданышы керек».

Бабановдун оюнча, Кыргызстандагы мечиттер Түркиядагыдай болушу керек, тактап айтканда ысык суу жана жылуу төшөлмөсү менен. Ошондой эле, ал бардык талапкерлеге Малайзияга барып келүүнү сунуштады, анын айтымында ал жакта бардыгы бири-бирин сыйлашат.

Абдылдаев Бабанов жана башкалар алардын рейтингдери ыктымал 65 пайыз экенин айтышканын эскертип, бирок Кудай аларды кандай баалап жатканы жөнүндө ойлонушкан жок деди.  

Ушул эле айлампада Абдылдаев Бабановго «иним» деген сөз менен кайрылды.

«Мына иним Өмүрбек турат, менин эсим боюнча ал көп нерсени убада кылган, бирок ошол убадаларды аткара алган жок. Биз ошондой эле Төрөбаевди дагы көргөнбүз», — деди Абдылдаев.

«Арстанбек мырза мага факт менен айтса жакшы болмок, анткени мен дайыма өз убадаларымды аткарам, Төрөбаев боюнча — ал жоопкерчиликтүү саясий башчы», — деп жооп кайтарды Бабанов.

Үчүнчү айлампа

Үчүнчү айлампада талапкерлер телекөрүүчүлөрдүн интернет аркылуу берилген ар кандай суроолоруна жооп берип жатышты.

Өлкөдө кадрдык жетишсиздик боюнча берилген биринчи суроого Бабанов мамлекетте билим берүүнүн сапатын жакшыртууну убада кылам деп жооп берди. Анын пикиринде, бул жумушсуздук көйгөйүн чечет.

Үмөталиеванын билдиргенине ылайык, жеке кадрларды даярдоонун үстүндө иштөө керек, антпесе өлкө чет өлкөлүк гранттар менен адистерге көз каранды болуп калат.

Масадыковдун пикиринде, атайын кесиптик билим берүү жайлары менен колледждер — кесипкөйлөр чыккан жай.

Абдылдаев өлкөдө кесипкөйсүздүк маселеси курч болуп турганын айтып, алар «татыктуу талапкер таба алышкан жок» деп КСДПны айыптап жемеледи.

Экинчи суроо: Эгерде талапкерлер жеңишке жетишсе президенттик кызматта эмнелерди аткарышат?

Бабанов кесипкөй команда түзүп, 10 жыл аралыгында тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн ондугуна кирүүнү убада кылды.

Ал эми Масадыков мамлекеттик органдарды «тазалоонун» маанилүүлүгү жөнүндө айтып, реформа аркылуу күч түзүмдөрүнүн макамын көтөрөм деп билдирди.

Үмөталиева эне-бала фондун президенттин фондуна которуп, жарандарды акысыз билим берүү жана медицина менен камсыздоону убада кылды.

Уюшулган кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча суроого, Масадыков мыйзамды бардыгы үчүн ар башка кылып берүүнү убада кылды. Анын оюнча бийлик өзү уюшулган кылмыштуу топ болуп калды.

Ал эми Бабанов, бийлик кылмыштуулук менен теңдеш болуп калды деп билдирди. Ал эгерде шайлоодон жеңип чыкса бул маселени чечүү үчүн Масадыков менен Кочкоровго өзү менен биригүүнү сунуштады.

Кочкоров маселени чечүү үчүн мамлекеттик түзүмдөргө жаңы кадрларды алып келүү зарыл деп жооп берди.

Авторлоштору: Айдай Эркебаева, Айзирек Иманалиева, Субанбек Ташбалтаев, Марат Абдыкалыков жана Азамат Каработоев


ТЕМА БОЮНЧА: