Бабановдун штабы өзүнө каршы көрсөтмө үчүн УКМКны «чагымчылдыкка» айыптады

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жарыяланган Деңиз Раимкуловдун көрсөтмөлөрүн «чагым» деп атады. «Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган адам Бабанов эгерде шайлоодон утулуп кала турган болсо «төңкөрүштү» каржылоого даярданып жатканын билдирген.

Бабановдун штабынан билдиришкендей, Раимкуловдун көрсөтмөлөрү жазылып жарыяланган видео — УКМК тарабынан болгон «чагым». маалыматка ылайык, Раимкулов кылмыштуу топто экенин бир гана атайын кызмат билген.

Талапкердин штабы ЖМКлар, атайын кызмат жана башка мамлекеттик органдар бийликчил социал-демократтар (КСДП) партиясынын президенттик кызматка талапкери болгон Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы эсептелген Бабанов жөнүндө «көзкөрүнөө жалган маалымат» таратып жатышат.

«УКМК акырындык менен улуттук коопсуздукту камсыздаган органдан саясий чагымдарды даярдоо боюнча органга айланып бара жатат», — деп айтылган штабдын билдирүүсүндө.

Талапкердин штабы президент Алмазбек Атамбаевди Бабановго карата «кара пиар» жана «чагым» жасап жаткан ЖМКлардын материалдарын «кылдат» текшерүүгө чакырды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети телефон аркылуу Kloop.kgнин кабарчыларына Бабановдун штабынын билдирүүсүнө комментарий беришкен жок. Атайын кызматтын өкүлү суроого кат аркылуу жооп берүүнү убада кылды. Бул материалды сайтка чыгаруу учурунда УКМКдан жооп келе элек болду.

Бабановдун билдирүүсү «бийликти күч менен басып алууну даярдоого» шектелип кармалган Раимкуловдун видеого жазылып интернетте жарыяланган көрсөтмөсүнө жооп кайтаруу реакциясы болуп калды.

Раимкуловдун айтымында, буга чейин «бийликти басып алуу даярдыгына» шектелип кармалган депутат Канат Исаев Бабановдон эгерде 15-октябрда өтө турган шайлоодо президенттикке талапкер утулуп кала турган болсо «төңкөрүш» уюштуруу үчүн акча алган.

Исаевдин кармалышы

УКМК саясатчы Исаевди 30-сентябрда кармап, ага каршы «бийликти күч менен басып алууга» даярдануу үчүн кылмыш ишин козголгон. Исаевди 30-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камашкан.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Исаев «массалык башаламандык уюштуруу үчүн кылмыштуу топтор менен сүйлөшүп алган».

Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаев менен анын «шериктери» президенттик шайлоонун «жыйынтыктары бурмаланышы» үчүн каршылыкка чыга турган адамдарды өз катарларына үгүттөшмөк.

Атайын кызматтардын маалыматтарына ылайык, эгерде 15-октябрдагы президеттик шайлоодо Бабанов утулуп кала турган болсо башаламандыктар ишке ашмак.

Ал эми Бабанов өзү билдиргендей, Исаевди анын тарапташы болгону үчүн кармашкан. Бабановдун пикиринде, аны президенттик жарышта биринчиликте келе жатканы үчүн каралоого аракеттенишүүдө.

Атайын кызмат Бабановдун Исаевдин кармалышы боюнча айткандарын тергөө менен коомдун пикирин «саясий нукка» буруп кетүү аракети деп атаган.

Өмүрбек Бабанов — келерки 15-октябрда өтө турган шайлоодо бийликчил партиянын президенттикке талапкери Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандаштарынын бири.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого 11 адам ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: