Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков (акыркы оң тарапта) Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) Өлкө башчылар кеңешинин 11-октябрдагы жыйынында. Исаков жыйында тогуз президенттин арасында жалгыз премьер-министр болду.

КМШ өлкөлөрүнүн Өлкө башчылар кеңеши 11-октябрда Орусиянын Сочи шаарында өттү. Жолугушууга Кыргызстандын атынан премьер-министр Сапар Исаков катышты, анткени президент Алмазбек Атамбаев иш-чарага эки күн калганда өзүнүн сапарын токтотуп койгон.

Өлкө башчысы президенттик шайлоого бир жума калганда өлкөдөгү «коопсуздук менен тартиптипти жеке көзөмөлдөш» үчүн Кыргызстанда калууну чечкен. Анда президенттин басма сөз кызматы өлкө башчысы «шайлоо күнү массалык башаламдыктарды уюштуруу фактылары аныкталганына» байланыштуу өлкөдө калууну чечкенин маалымдаган.