БШК Бекназаровду президенттик жарыштан албайт

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик кызматка талапкер Азимбек Бекназаровду добуш берүү бюллеттенинен чийбейт, анткени ал убакыт боюнча кечигип калды. Бекназаров КТРКдагы теледебаттарда шайлоодон өз талапкерлигин алып жатканын билдирген.

Боршайком Бекназаровду президенттик жарыштан албайт, анткени мыйзам боюнча талапкер шайлоого катышуудан добуш берүү күнүнө үч күндөн кеч эмес убакыт калганда баш тарта алат, тагыраак айтканда 12-октябрга чейин.

«Ооба, Бекназаров түз эфирде акыркы баскычта президенттик жарыштан чыгып жатканын билдирди, бирок ал БШКга арыз тапшырышы керек да. Биз аны карап, чечим чыгарышыбыз керек. Убакыттар боюнча ал кеч калды. Албетте эгерде ал эрте эле арыз тапшырып койбосо», — деди БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева 24.kg басылмасына курган маегинде.

Бекназаров президенттик жарыштын финалдык бөлүгүнө катышпоону чечти, анткени анын каражаты жетпей калган. Бул туурасында ал КТРКнын түз эфирдеги теледебаттарында билдирди.

Анын айтымында, бир айдын аралыгында ал шайлоочуларды өзүнүн программасы менен тааныштырган, бирок « шайлоонун финалдык бөлүгүндө таразага акча менен байлык коюулуп калган».

Азимбек Бекназаров — мурдагы башкы прокурор жана параменттин мурдагы депутаты. Ошондой эле, ал 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. Бул жылы саясатчы президенттик шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен талапкерлигин чыгарган.

УКМК 5-сентябрда Бекназаровго оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин сотунда «жалган көрсөтмө бергени» үчүн кылмыш ишин козгогон.

Интернетте ыктымал Бекназаров Камчыбек Ташиев менен сүйлөшүп жатып сотто жалган айтканын мойнуна алганы жазылган ауди жазманы жарыялашкан.

УКМКнын тергөөчүлөрү экспертизанын жыйынтыгына таянып, аудио жазмадагы үн Бекназаровдуку жана жазма өзү монтаждалган эмес деп айтышууда.

Ал эми Бекназаров өзү өзүнө каршы кылмыш ишти президенттик шайлоого катышып жатканы үчүн козгошконун билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: