Казак министри кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды «пландык иш-чара» деп атады

Кыргызстандын чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын жарандары менен кыргыз авто унаалары дагы деле Казакстандын көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде тыгында турушат. Сапармандардын айтымында, элдер бир аз эле мүмкүнчүлүк болсо чек арадан «өтүп кетүүгө» аракет кылышууда.

Казакстандын маалымат жана коммуникациялар министри Даурен Абаев Bnews.kz басылмасына курган маегинде чек арада «пландык иш-чаралар» жүрүп жатканын, ал эми өткөрүүнү көзөмөлдөө өлкө аймагы боюнча күчөтүлгөнүн айткан.

«Жалпыга маалымдоо каражаттары Атамбаевдин сөздөрүнөн улам кыргы-казак чек арасына басым жасашкан. Мага белгилүү болгондой, президенттик шайлоого байланыштуу ушундай эле чаралар башка чектеш мамлекеттер тарабынан дагы кабыл алынган. Бул жакшы эле тажрыйба», — деди министр.

Анын айтымында, жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууга уруксааттары жок үчүн жети автобус айып унаа токтотуу жайына жеткирилген.

Мындай мыйзам бузуулар үчүн кыргыз айдоочулары жалпы үч млн тенгеден ашык (болжолдуу 614 000 миң сом) штраф төлөөгө мажбур болушат.

Ал учурда Кыргызстандын сапарман-айдоочуларынын көзкарандысыз профсоюзунун төрагасы Дастан Мирякубов элдер бир аз эле мүмкүнчүлүк пайда болсо «Кордай» көзөмөл-өткөрмө бекетинен өтүп кетүүгө аракет кылышууда деп билдирүүдө.

«Биздин профсоюздун өкүлдөрүнүн айтымдарында, чет өлкөлүк мамлекеттик номерлерлүү машиналар орус-казак чек арасынан эч көйгөйсүз өтүп жатышат», — деди Мирякубов.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, эки мамлкеттин чек арасында чогулгандардын саны азайбай жатат. 14-октябрдын таңынан бери эле «Акжол-Автодорожный» бекетинде 250дөй адам кезек күтүп туруп калышкан.

«Кордай-Автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекетинин Казакстан тарабында 25тей унаа жүгү менен кезекте турган. Ал эми Кыргызстандын аймагында шлагбаумдан МАИге чейин дагы 200 оор жүк ташыгаан унаа менен жеңил машиналар чогулуп калган.

Кыргыз чек арачылары «Ак-Тилек-Автодорожный» бекетинде 150 оор жүк унаанын кезекте турганын катташкан.

Алардын маалыматына ылайык, казак чек арачылары ар бир машинаны жарым сааттан текшерип жатышканы үчүн чоң кезек күтүүлөр жаралууда.

«Чалдыбар», «Токмок» жана «Чоң-Капка» бекеттеринде чек арадан өтүүгө 50дөй автоунаа турган.   

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көзөмөл-өткөрмө бекеттеринин жанында тыгында калган жарандар үчүн жылынууга жана тамактанууга чатырларды орнотуп, тез жардам машиналарын нөөмөткө койгон.


ТЕМА БОЮНЧА: