«Жымжырттык күнү»: Президенттик шайлоого бир күн калганда үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган

Шайлоого чейинки бир күн «Жымжырттык күнү» деп жарыяланды — бул күнү президенттикке талапкерлердин кимдир бирөөсүнүн пайдасы үчүн үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган.

Президенттик шайлоо 15-октябрда саат эртең мененки 8:00дө башталат. Мыйзам боюнча шайлоого чейин 24 саат калганда үгүт жүргүзүү токтотулат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин айтымында, тыюу салуу өзгөчө президенттикке талапкерлерге тийиштүү.

«Мыйзам боюнча шайлоо башталаарга чейин бир күн калганда үгүт жүргүзүү токтотулат. Талапкерлер жана алардын расмий өкүлдөрү бул күнү 24 саат ичинде Кыргызстанда катталган ЖМКлардан чыгып, үгүт иш-чараларын жүргүзө алышпайт», — деди Осмоналиев.

БШКнын кызматкеринин айтымында, үгүт убактысы бузулган үчурда миң сомдон эки миң сомго чейин штраф салынат.

Үгүттөөгө тыюу салуулар өлкөдө катталган бардык ЖМКларга тийиштүү.

Президенттикке талапкерлердин көрнөктөрү дагы деле илинип турат, ал эми үгүттөө посттору коомдук тармактарда жарыяланып жатат — тыюу салуу аларга тийиштүү эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: