Чек ара кызматы: Кыргыз-чек арасындагы кырдаал мурдагы бойдон калууда

Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде автотыгындар сакталууда. Бирок Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, эки мамлекеттин жарандары чек арадан «тынч эле» өтүшүүдө.

Машиналардын эң эле көп тыгыны «Ак-Тилек» менен «Чоң-Капка» бекеттеринде катталган.  

Чек ара кызматынан көзөмөл бекеттеринде турган машиналардын так санын ачыктап бере алышкан жок.

«Башка көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде дагы кезек күткөн машиналар бар, бирок азыраак. Адамдарды жакшы өткөрүшүүдө, жарандар тынч эле өтүшүүдө», — деп билдиришти аталган мекемеден.

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгындар менен кезек күтүүлөр

Авто тыгындар менен чоң кезек күтүүлөр Казакстан менен чектеш көзөмөл-өткөрмө бекетинде 10-октябрда башталган. Ошол эле күнү кечинде казак чек арачылары эч түшүндүрбөй эле күчөтүлгөн тапртипте иш алып барууга өтүшкөн.

Кийинчерээк алар чек арада террористтерди, аткезчилерди жана чек ара бузуучуларды аныктоо боюнча операция жүргүзүп жатышканын билдиришкен.

Эки күндүн аралыгында чек арадан өткүсү келген адамдардын чоң кезек күтүүлөрү жана ошондой эле, авто тыгындар жаралып турган.

Кыргызстандын бийлиги чек арада кезек күткөн адамдар үчүн биотуалеттерди орнотуп берип, ысык тамак-ашы бар чатырларды уюштуруп берген.

Чек арадыгы чоң кезек күтүүлөрдүн натыйжасында Казакстандын жараны каза болгон, ал 5 саат кезек күтүп турган болчу.

Кыргызстандын чек ара кызматы 12-октябрда «Ак-Жол», «Ак-Тилек» жана «Чалдыбар» көзөмөл бекеттеринде автоуналардын тыгындары уланып жатканын, бирок кезек күтүүлөр азайып калганын билдирген.

«Абал кечкисин жакшырып калууда, кечки саат жтиден кийин эч бир жерде адамдардын кезек күтүүлөрү жок», —  деп билдиришкен басма сөз кызматтан.

Дипломатиялык чыр

Чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги кырдаал Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстандын бийлигинин ортосундагы дипломатиялык араздашуудан кийин оорлошуп кеткен.

Кыргыз президенти казак бийлигин «Кыргызстандын кулатылган президенти [Курманбек] Бакиевди жакшы көргөндүгүнө» жана алар өлкөнүн «байлыктарын уурдап» жаткандыгына айыптаган.

Кыргыз президентинин сөздөрү президент Нурсултан Назарбаевдин Өмүрбек Бабанов менен болгон жолугушуусуна реакция билдирүү болуп калган.

Атамбаевдин билдирүүлөрүнө Казакстан тараптан бир нече реакциялар болгон. Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагынтаев Атамбаевдин сөздөрүн «чагымчыл, жоопкерчиликсиз жана жалган» деп атаган. Анын оюнча, президент «шайлоо алдындагы максаттар боюнча» жалган билдирүү айткан.

Казакстандын ТИМи Атамбаевдин сөздөрүнө «чечкиндүү каршылык» билдирип, мындай билдирүүлөр эки дос өлкөнүн ортосунда «болбошу» керек деп эсептеген.


ТЕМА БОЮНЧА:

Казак министри кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды «пландык иш-чара» деп атады