Канатбек Исаевдин иши: Сот отурумду жылдырды — жыйынга айыпталуучу алынып келинген эмес

Сот парламенттин депутаты Канатбек Исаевдин ишин кароо отурумун 16-октябрдан 19-октябрга жылдырды. Көзөмөл органы айыпталуучуну эмне себептен отурумга алып келишпегенин аныктаганы жатат. Учурда саясатчы УКМКнын тергөө абагында.

Биринчи май райондук сот депутат Канатбек Исаевдин ишин кароо боюнча отрумду 19-октябрга жылдырды.

Айыпталуучуну сот отурумуна алып келишкен эмес. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында.

УКМКнын басма сөз кызматынан Kloop.kgнин журналистине окуяга комментарий берүүдөн баш тартышып, сотко жөнөтүштү.

Биринчи май райондук сотунун катчылыгынанан дагы Kloop.kgнин кабарчысына бул иш боюнча комментарий беришпей, бир бөлүмдөн башка бөлүмгө жөнөтө беришти.

Исаевди «бийликти күч менен басып алуу даярдыгына» айыпташууда. УКМКнын кызматкерлери саясатчыны 4-октябрда кармашып, соттун чечимине ылайык анын камакта калуусун 30-ноябрга чейин узартышкан.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, Исаев «шериктери» менен башаламндыкка катышуу үчүн адамдарды үгүттөшкөн.

Атайын кызматта алар президенттик шайлоодо эгерде Өмүрбек Бабанов утулуп кала турган болсо төңкөрүш уюштурууну пландап жатышкан деп эсептешүүдө.

Бабанов Канатбек Исаевди ага колдоо көрсөтүп жана анын тарапташы болгону үчүн кармашкан деп билдирген.

Саясатчы «массалык башаламдык» уюштурууну даярдоого тийиштигин четке кагууда.


ТЕМА БОЮНЧА: