Маевка: «Психологиялык жактан жабыркаган» адам үч машинаны өрттөгөн

Чүй облусунун ШИИБнен билдиришкендей, Бишкекке жакын жайгашкан Маевка айылында болжолдуу психологиялык жактан жабыркаган адам 17-октябрга караган түнү үч машинаны өрттөгөн.

Чүй облусунун ШИИБнин маалыматына ылайык, Маевка айылында 17-октябрга караган түнү «Фиат» үлгүсүндөгү машина толугу менен өрттөнүп, «Тойота Калдина» менен «Субару Импреза» унаалары жарым-жартылай күйүп кеткен.

Мындан тышкары белгисиздер жеке үйдүн короосунда илинип турган килемдерди өрттөп, ошондой эле, павильон менен дагы бир үйдүн эшигин өрттөгөнгө аракет кылышкан.

Милициянын версиясына ылайык, өрттөөлөрдү божомолдуу психологиялык жактан жабыркаган адам кылган.

«Маевка айылында мындай диагноз менен үчетто үч адам турат. Кылмыш ишин козгоо үчүн материалдар даярдалууда. Милиция өртөөлөрдүн саясий негизи бар экенин боюнча версияны караган жок», — деп билдиришти ШИИБден.

Айылдагы өрт чыгуулар боюнча «КирТаг» басылмасынын кабарчысы Албина Метерова өзүнүн фэйсбук барагында билдирген. Анын айтымында, белгисиз адам анын үй бүлөөсүнө таандык машинаны өрттөп кеткен.

«Түндө саат 02:30дар чамасында кошуналар ойготушуп, үйдүн короосунда токтоп турган биздин машина орттөнүп жатканын билдиришкен. Эшикке чуркап чыгып, машинанын бензин куюуучу жагы күйүп жатканын көрдүк. Кийнчерээк биздин машинадан тышкары үйдүн жанында токтоп турган биздин батирчилердин дагы унаасы өрттөнүп жатканын көрүп калдык. Өрт чарба курулуштарын дагы каптай баштаптыр», — деп жазган ал.

Метерова алар өрттү өчүрө алышканын, бирок башка үйлөрдө жашаган кошуналар дагы машиналар менен үйлөрдүн өрттөлүшү жөнүндө билдире баштагандарын жазган.

Маевка айылында 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин кагылышуулар болгон, анын натыйжасында 5 адам каза таап, дагы 15 адам жабыркаган. Кагылыштардын баштапкы себеби жер маселеси болгон, бирок андан кийин тирешүүлөр улуттар аралык жаңжалга айланып кеткен.