Атамбаев котормонун кыйынчылыктарынан улам ЕККУ менен кантип урушуп кетти?

Президент Алмазбек Атамбаев ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын атайын координатору Азай Гулиевдин Кыргызстандагы «цензура» жөнүндөгү сөздөрү үчүн аны сынга алды. Бирок Гулиев бул нерсени айткан эмес, ал эми Атамбаев туура эмес синхрондук котормонун негизинде тыянак чыгарган.

Чатак 16-октябрда Атамбаев эл аралык байкоочулар менен жолугушуу учурунда чыгып кеткен.

Кыргызстандын президенти ошол эле күнү Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын маалымат жыйында айтылган Гулиевдин сөздөрүнө наарызы болгон. Атамбаевди анын Кыргызстанда цензура бар деп айткандары наарызы кылган.

Атамбаев узак сүйлөгөн, анын мазмуну Кыргызстандын бийлиги дагы батыш өлкөлөрү сымал эле ушак үчүн ЖМКларга каршы арыз бергенге укуктуу дегенди билдирет.

Гулиев «цензура» жөнүндө айтпаганын жана аны ЖМКлар туура эмес түшүнүп алышкан деп жооп берген.

Бул эми жаңы чатактын чыгышына себеп болуп, Атамбаев «АКИпресс» басылмасын айыптаган. Анткени ал Гулиевдин сөздөрү жазылган материалга таянган. Ал эми «АКИпресс» эртеси күнү Гулиевди кечирим суроого чакырган.

«АКИпресс» өзүнүн чындыгынын далили катары маалымат жыйынынын котормочусунун цитатасын келтирген.

«Ошого карабастан, ЖМКлардын өкүлдөрү менен арыздар натыйжада кандайдыр бир кыйынчылыктар менен цензурага алып келген», — деген сөздөрдү айткан синхрондук котормочу.

Kloop.kgнин редакторлору Гулиевдин сөздөрүнүн түп нускасын угуп көрүшүп, аны өз алдынча которуп чыгышкан.

Мына мынтип айткан ал англис тилинде:

«The Constitution guarantees freedom of expression and explicitly prohibits criminal prosecution of defamation. However defamation claims had an adverse effect on public debate and resulted in cases of self-censorship».

Бул фразанын так котормосу:

«Конституция ойду эркин билдирүүгө кепилдик берет жана жалаа үчүн кылмыш куугунтугуна тыюу салат. Бирок жалаа боюнча арыздар коомдук талкууларга жагымсыз таасир тийгизип, өзүн-өзү цензуралоого алып барган».

Тыянак: Гулиев котормочу айткан нерседен таптакыр эле башканы билдирген. «АКИпресс» жалаң гана котормочунун сөздөрүнө таянган, ал эми Атамбаев ошого таарынган.