Полковник Шоноевдин өлүмү: Жогорку сот кримтөбөл Досоновду актады

Жогорку сот райондук жана облусттук соттордун Женго каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновду актоо чечимдерин күчүндө калтырды. Аны милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө күнөөлөшкөн.

Кримтөбөл Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева «Азаттык» үналгысына курган маегинде билдиргендей, Жогорку сот төмөн турган инстанциялардын анын коргоого алган адамына карата актоо чечимдерин күчүндө калтырган.

Анын адвокатынын айтымында, соттук отурумдун жүрүшундө Досоновдун кылмышка тийиштиги жөнүндө далилдер келтирилген эмес.

Милиция 2015-жылдын февралында Досоновду адам өлтүрүүгө шектеп кармаган, ошондон бери ал тергөө изоляторунда камакта болчу. Кара-Суу райондук соту аны 2017-жылдын июлунда, ал эми Ош облустук соту август айында актаган.

Шоноевдин өлүм фактысы боюнча 9 адам күнөөлүү деп табылган. 2013-жылдын июлунда Арипбек Аскарбек уулуна өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган, дагы беш адам 4 жылдан 25 жылга чейинки мөөнөткө эркиндиктеринен ажыратылышкан.

Эки айдан соң Ош облусутук соту дагы үч адамды күнөөлүү деп таанып, аларга 10 жылдан 30 жылга чейинки мөөнөткө эрктеринен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Анда кармалгандардын бирөөсү Кадыр Сайдиев Шоноевди өлтүү боюнча буйрукту Досоновдон алгам деп көрсөтмө берген.


ТЕМА БОЮНЧА: