Шайлоо-2017: Милиция Kloop.kgнин кабарчысына кол салуу боюнча арызды кабыл алды

Kloop.kg кабарчысы Бегимай Бекболотова президенттик шайлоо күнү ага Ош шаарындагы №5316 участогунда кол салуу болгондугу үчүн милицияга арыз тапшырды. Белгисиз адам кабарчынын телефонун жулуп алып, кайра аны кайтарып бербей анын колунан бекем кармап алган.

Ош ИИБнин башкармалыгы шайлоо участкалары жабылгандан кийин 15-октябрь күнү кечинде арызды кабыл алды.

Ал эми окуянын өзү шайлоо күнү «Памир» кафесинин ичинде жайгашкан №5316 участогунда болгон.

Бекболотова добуш берүүнүн жүрүшүн чагылдыруу максатында №5316 участогуна божомолдуу саат 15:30 барган.

Шайлоо участогунда ал байкоочулардын котормочуларынын бири болгон өзүнүн таанышын жолуктуруп калып, ал менен кафенин короосунда шайлоонун өтүшү жөнүндө сүйлөшкүсү келген.

Бекболотова менен котормочунун артынан белгисиз адам түшүп, орой түрдө журналисттин участоктон кетишин талап кыла баштаган.

Kloop.kgнин кабарчысы тарабынан баш тартуу болгон соң, ал коркутууларды видеого тартууну аракет кылган Бекболотованын телефонун күч менен тартып алып, журналистти кемсинтип, андагы бардык сүрөттөр менен видеолорду өчүрө баштаган.

Бекболотова андан ысымын айтууну талап кылган, бирок кол салган адам атын айтуудан баш тарткан. Анда журналист кыз анын ысымын көрүү үчүн мойнунда илинип турган бейджикти көрүүгө аракет жасаган.

«Мен тескери карап калган бейджикти буруп көрүүгө аракет жасаганда, ал буйтап кетти дагы бейджик менде калды. Ал адам мени кармап алып колумду толгой баштады. Эки мүнөттүн аралыгында бизди арачалаганга милиция келди, анткени бул адам мени коё бербей жаткан. Андан кийин мен анын ысымын көрбөй калышым үчүн ал өзүнүн бейджигин тартып алды. Мага телефонду кайтарып беришти. Ошол жерде турган милиционерлер дагы өздөрүн тааныштыруудан баш тартышты», — деди ал.

Эгерде сиз бул кол салуунун күбөсү болсоңуз же шайлодогу башка мыйзам бузууларды байкасаңыз биз менен eldiyar@kloop.kg почтасы аркылуу байланышыңыз.


ТЕМА БОЮНЧА: