Казакстандын экономика министрлиги: Кыргызстан 100 млн доллар техникалык жардамдан баш тарткан жок

Казакстандын экономика министрлиги ЕАЭБге кирүүдө Кыргызстанга 100 млн доллар техникалык түрдө жардам берүү даярдыгын билдирди. Министрликтен эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык чатакка карабастан Кыргызстандын бийлиги жардамдан баш тартуу жөнүндө айткан эместигин кошумчалашты.

Казакстандын каржы министри Бахыт Султанов билдиргендей, Кыргызстандын бийлиги гуманитардык жардамдан баш тартуу боюнча маалымдашкан эмес.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун алкагындагы 100 млн доллардан чыгып жаткан техникалык жардам боюнча кандайдыр бир баш тартуу болгон эмес. Биз республикалык бюджеттен каражат бөлүү бөюнча пландык негизде иш жүргүзүүдөбүз», — деди Султанов.

Министрдин айтымында, Кыргызстанга 100 млн доллар гранттык негизде бөлүп жаткан Казакстандан тышкары, Кыргызстанга 200 млн доллар Орусия бөлүп берет.

Гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча келишимге 2017-жылдын 9-февралында кол коюулган.

Казакстан тарабынын техникалык жардамы Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуудагы жол картасын түзүүгө, бажы бекеттеринин техникалык абалын жакшыртууга жана жабдуулоого, ошондой эле, ветеринардык жана карантин тутумдарын жаңылоого багытталган.

Кыргыз-казак чек арасындагы абалдын бузулушу

Кыргызстандын мурдагы президенттигине талапкери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын сентябрында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушкан. Бул өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык чатактын чыгышына алып келген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул жолугушууну «шайлоонун жыйынтыгына таасир этүү аракети» деп атаган, ал эми президент Алмазбек Атамбаев казак бийлигин «Кыргызстандын кулатылган президенти [Курманбек] Бакиевди жакшы көргөндүгүнө» жана аларды өз өлкөсүнүн «байлыктарын уурдап» жаткандыгына айыптаган.

Ал эми Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ал Бабановду ыктымал колдоп жаткандыгы тууралуу билдирүүнү «жалган» деп атаган. Мунун бардыгы кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттеринин күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусуна алып келген. 10-октябрдан бери Казакстан менен чектеш чек арада элдер чоң кезек күтүүлөрдө турушуп, араңдан чек арадан өтүшүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: