Мадумаров шайлоонун жыйынтыктарына макул эместердин кыймылын түзөт

Президенттик кызматка мурдагы талапкер Адахан Мадумаров билдиргендей, ал шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайт. Ошондой эле, саясатчы «Мен макул эмес» улуттук кыймылын түзүүнү жарыялады, ага көңүл кош карабаган бардык адамдар кирсе болот.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын башчысы Адахан Мадумаров 15-октябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын билдирди.

«Мен тааныбаганда эмес, мен бул шайлоону тоготпойм. Эгерде мен бул шайлоонун жыйынтыктарын таанысам — бул биздин өлкөнүн чет жерде жүрүп, жөнөкөй адамдык укуктардан ажырап калган миңдеген биздин шайлоочулардын жан дүйнөлөрүнө түкүргөндүк менен барабар болуп калат». — деди ал.

Анын айтымында, Кыргызстандын Орусия менен Казакстанда жашап жаткан миллионго жакын жарандарына карабастан, чет өлкөдөн бологону 18,5 миң адам добуш бере алган.

«Эгерде мен [шайлоонун жыйынтыгын] таанысам — бул менин мекендештеримдин бетине түкүргөндүгүм болот, мен бул нерсени кыла албайм. […] Биз дайыма шайлоодон кийин "Тарыхта мындай кир шайлоо болбогон деп айтабыз". Бирок бул шайлоо мурдагы шайлоолордон да ашып түштү», — деди ал.

Мадумаров шайлоодо эреже бузуу көп болгонун айтып, укук коргоо органдары аларга көңүл бурган эмес деп билдирди.

Саясатчы жергиликтүү бийликти шайлоо учурунда кылмыштуу топтор менен жигердүү кызматташкандыкка айыптады. Анын айтымында, бул шайлоонун жыйынтыгына таасир эткен.

Мындан тышкары ал «Мен макул эмесмин» кыймылын түзүүнү пландап жатканын айтып, ага шайлоонун жыйынтыктарына жана учурдагы бийликтин тутумуна макул эмес бардык көңүл кош карабаган адамдар кире алаарын билдирди.

«Мен биздин өлкөнүн тышында жана ичинде болуп жаткан нерселерге макул эместерге "Мен макул эмесмин" кыймылынын алдында биригүүнү сунуштайм», — деп билдирди ал.

Борбордук шайло комиссиясынын башчысы шайлоодон кийин добуш берүү тынч өтүп, өзүнчө бир эреже бузуулар байкалганын, бирок алар жыйынтыктарга таасир этпегенин билдирди.

«Шайлоону өттү деп эсептесе болот, ал тынч өттү, реалдуу эреже бузуулар абдан эле аз катталды», — деди ал.

Адахан Мадумаров президенттик шайлоодо добуштардын 6,5% алып, үчүнчү орунга чыккан.


ТЕМА БОЮНЧА: