Маевка: Милиция айылдын тургундарына ок чыгаргандарды издеп жатат

Белгисиздер Чүй облусунун Маевка айлынын тургунуна машинанын ичинен ок чыгарышкан. Милиция ок чыгарган адамды издеп жатат, жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

Чүй облусунун ИИБнен Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, 18-октябрь күнү Маевка айлынын базарларынын биринде ок атуулар болгон.

Ыкчам топ, айылга барып, белгисиздер машинанын ичинен жергиликтүү тургунду курсагына атып, изин жашырып кетишкенин аныкташкан.

«Курсагына ок жеген адам Бишкектин №1-ооруканасына жеткирилген. Кечээ ал мас абалында болгонуна байланыштуу андан көрсөтмө алууга мүмкүн болгон жок», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Милициянын маалыматына ылайык, дарыгерлер жарадар болгон адамдын абалын канааттандыраарлык дешүүдө. Тергөөчү ок чыгарган адамдардын өздүгү жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн жабырлануучуну сурап жатат.

Буга чейин белгисиз адам Маевка айылында үч машина менен соода күркөсүн өрттөп кеткен. Милициянын маалыматына ылайык, бул нерсени «психологиялык жактан жабыркаган» жергиликтүү тургун кылган. Укук коргоо органдары өрттөө фактысы боюнча кылмыш ишин козгошкон.


ТЕМА БОЮНЧА: