Казакстан: 600дөн ашуун кыргызстандыкка штраф салынды

Казакстандын ИИМи билдиргендей, каттоо эрежелерин бузгандыктары үчүн 685 Кыргызстандын жараны административдик жоопкерчиликке тартылган.

Казакстандын ички иштер министрлиги билдиргендей, «батирлик жана короо» кыдыруулар жүргүзүлөөрүнүн натыйжасында убактылуу же туруктуу жашаган жери боюнча каттоого туруу эрежелери бузулган 5 миңден ашуун учур аныкталган.

Мекеменин маалыматына ылайык, каттоо эрежелерин бузганы үчүн 685 Кыргызстандын жаранына штраф салынган. Бирок штрафтын өлчөмү канча экени такталган эмес.

Ошондой эле, 1713 адам чыгарылып же алардын Казакстанда жүрүү мөөнөттөрү кыскартылган. Мекемеде алардын катарына кыргызстандыктар киреби же жокпу ачыкташкан жок.

Мурдараак коомдук тармактарда Казакстандын бийлиги «Нелегал-2017» операциясын жүргүзүп жатканы боюнча маалымат чыгып, анын жүрүшүндө кыргызстандыктар кармалып жатканы жарыяланган. Кармоолор Атамбаевдин 7-октябрда Казакстандын бийлиги жөнүндө жагымсыз нерселерди айткан сөздөрүнө байланыштырылган.

Кийинчерээк Казакстандын ИИМи бул маалыматты четке кагып, операция бир гана кыргызстандыктарга багытталган эместигин билдиришкен.

«Ички иштер органдары Кыргызстандын жарандарына карата эч кандай операция жүргүзгөн жок», — деп билдиришкен ошондо Казакстандын ИИМнен.

«Нелегал-2017» операциясынын жүрүшүндө укук коргоо органдары өлкөдө жүрүүнүн эрежелерин бузган 12 000 миңге жакын чет элдик жарандарды административдик жоопкерчикке тартты.  

Операция Казакстанда мыйзамсыз жүргөндөр менен күрөшүү максатында үстүбүздөгү жылдын 4-октябрынан баштап жүргүзүлүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: