Салянованын адвокаттары өкүмдү Бишкек шаардык сотунда даттанышты

Адвокат Чынара Жакупбекова кылмыш иштин материалдары «жасалмаланганы» үчүн «Ата Мекендин» депутаты Аида Саляновага карата өкүмдү даттанды. Сот Салянованы кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу — Максимдин адвокаты Алексей Елисеевдин лицензиясын узартып бергени үчүн өкүмдүн аткарылышын 2029 жылга чейин жылдырып 5 жылга эркинен ажыраткан.

Депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекова Kloop.kgнин кабарчысына билдиргендей, өкүм 19-октябрда даттанылган. Анын айтымында, учурда сот анын кайрылуусун качан карай турганы белгисиз.

Жактоочу тарап билдиргендей, тергөөчүлөр кылмыш ишинин айрым материалдарын «жасалмалашкан».  

Негизи сот Салянованы Елисеевдин соттолгондугу бар болуп туруп анын лицензиясын узартып берген деп күнөөлөп жатат.

Бирок, Салянованын адвокатынын билдирүүсүндө, ал учурда Елисеевге лицензияны узартып берүүдө анын соттолгондугу жок болгону айтылган.

«Мыйзамга ылайык, лицензияны жаңылап берүүдө соттолгондугу боюнча маалымат суралбайт. Мындан тышкары, лицензияны жаңылап берүү учурунда Елисеевдин соттолгондугу жок болчу», — деп айтылат жактоочу тараптын билдирүүсүндө.

Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен Салянованы 5 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок өкүмдүн аткарылышы анын жашы жете элек кызы 14 жашка чыкмайынча 2029-жылга чейин жылдырылган.

Салянова өзүнө каршы сотту «саясий», ал эми сот ишинин жыйынтыгын «буйрутма» деп атаган. Анын айтымында, айыптоочу тарап анын күнөөсүн далилдей алган эмес.

«Мен дал ушундай рельефтүү мыйзам буйзуулар соттун саясий экенин жана анын жыйынтыгы буйрулганын, өкүм буйрулган, ал эми соттун башка жолу болбогон деп ойлойм», — деген ал.

Салянованын иши

Мурдагы башкы прокурор жана «Ата Мекен» оппозициячыл партиясынын депутаты Аида Саляновага каршы кылмыш ишти 2016-жылдын декабрында «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча козгошкон.  

Ал эми Елисеев өзү Кыргызстанда «коммерциялык жана башка уюмдардын кызматтык укуктарынан кыянаттык кылуу» беренеси боюнча 6 жылга эркинен ажыратылган. Юрист 2010-жылкы апрелдик ыңкылапта Бакиевдердин бийлиги кулагандан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.

Ал эми Салянова менен анын тарапкерлери бул айыптоолорду Атамбаевдин дарегине айтылган сын пикирлер үчүн «саясий мүнөздүү» деп эсептешет. Салянова 2015-жылдын башынан тарта эле Атамбаевди ачык сындай баштаган.

Башкы прокурорлук кызматтан кетип жатып, ал анын жолдошуна Бишкектин ЖЭБине мыйзамсыз көмүр ташуу боюнча кылмыш иши козголгондон кийин бийликти кысым көрстөтүү боюнча айыптаган.

Ошондой эле 2016-жылы Салянова «Ата мекен» оппозициячыл партиясынан депутат болуп туруп президент Алмазбек Атамбаевдин баш мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча сунушуна каршы чыгып, өлкөнүн оппозициячыл саясатчыларынын бири болуп калган. Ошол эле жылы анын жолдошу шартту түрдө жети жылга кесилген.


ТЕМА БОЮНЧА: