Нарын: Памирлик кыргыздардын төртөөсүнөн жүрөк кемтиги аныкталды

Дарыгерлер буга чейин Кыргызстанга көчүрүлгөн 33 памирлик кыргыздарды текшеришкен. Дарыгерлер алардын төртөөсүнөн жүрөк кемтигин аныкташып, бирөөсүнө операция жасоо талап кылынууда.

Нарын облусуна көчүрүлгөн памирлик кыргыздардын төртөөсүндө жүрөк кемтиги дарты аныкталган. Дарыгерлердин айтымында, алардын бирөөсүнө операция жасоо талап кылынууда.

Ошондой эле, медициналык текшерүүдө памирликтердин алтоосунда өнөкөт бийиктик дарты аныкталган — дем жетпегендик.

«Алардын бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө. Мындайча айтканда биз жүрөк кемтиги дарты менен жабыркаган адамдарды бул жака алып келүү менен сактап калдык деп айтсак болот», — деди дарыгерлердин бири Индира Мырзалиева.

Памирлик кыргыздардын Нарынга көчүрүлүшү

Ооганстандан Кыргызстанга көчүрүлгөн 33 памирлик кыргыздардын көпчүлүгү билим алууга келген жашы жете элек өспүрүмдөр.

«Колуктум жана эки балам менен келдим. Менин атым Дарбыш. Балдарга билим берүү үчүн келдик. Бул күндү абдан күткөнбүз», — деди памирлик.

Мурдараак Кыргызстанга 50 памирлик кыргыздын көчүрүлө тургандыгы маалымдалган, бирок бардыгы эле чет жакка чыгуу паспортун ала албай калышкан.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.

Кыргызстанда памирликтерди тарыхый мекенине кайтаруу боюнча маселе бир нече жолу көтөрүлгөн, бирок ошол бойдон чечилбей калган.

Кыргызстан жыл сайын Памир тоолорунда жашаган кыргыздар үчүн гуманитардык жардам жеткирген экспедицияны жөнөтүп турат. Учурда Памирде 2000 миңден ашык этникалык кыргыз жашайт.


ТЕМА БОЮНЧА: