Мамэкотехинспекция: Бишкектеги ураган имарат сүрдүрүлөт

Мамлекеттик экотехинспекция «Асанбай» кичи районунун түштүк жагында ураган имарат сүрдүрүлүп, курулуш компаниясы штрафка тартылышы мүмкүндүгүн билдирди. Имараттын урашынан 11 курулушчу жабыркаган.

Мамэкотехинспекция башкармалыгынын Бишкек боюнча начальниги Мелис Адиев «Азаттык» үналгысына курган маегинде билдиргендей, мекеме имараттын урашынын себептерин иликтеп жатат.

Анын айтымында, мекеме «Аванград стиль» курулуш компаниясына ураган имараттын курулушун улантууга уруксаат бербейт.

«Бул объект кулап кеткенден кийин толугу менен демонтаж болушу керек. Кайра башынан баштап, долбоордун негизинде гана курулушту баштаса болот. Учурда иш токтоду. Иликтөө бүткөндөн кийин объект сүрдүрүлөт», — деди ал.

Бишкектин Мамэкотехинспекциясынын башкы инспектору Шараф Ачылдиев Kloop.kgге курган маегинде уроонун так себептерин атайын комиссия аныктап жатканын билдирди.

Анын айтымында, курулуш компаниясы техникалык курулуш эрежелерин бузганы үчүн 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин штраф төлөшү мүмкүн.

«Орнотулган опалубка урап түшкөн, бул технологиялык иштин жүрүшүн бузуу болуп эсептелет. Бирок бул азырынча алдын ала версия, ал жакта комиссия иштеп жатат», — деди Ачылдиев.

Ал эми «Аванград стиль» компаниясынан бетонду куюп жатканда имараттын экинчи кабаты урап түшкөнүн такташты. Анын себептери аныкталууда.

Урап түшкөн турак жай «Асанбай» кичи районунун түштүк тарабындагы жаңы кварталда жайгашкан, ал эки жыл мурун гана жаңыдан курула баштаган.

Турак жайдын урашынан 11 курулушчу жабыркап, экөөсү оор абалда ооруканага жеткирилип, калгандары медициналык жардам алган соң үйлөрүнө коё берилген.


ТЕМА БОЮНЧА: