Парламент Дайыр Кенекеевди вице-премьерлик кызматка колдоду

Парламенттин депутаттары Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин вице-премьер-министрлик кызматка бекитти. Буга чейин ал өкмөттун Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болчу.

Кенекеевди парламентте вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев тааныштырды.

«Эгерде сиздер анын талапкерлигин колдосоңуздар, анын компетенттүүлүк маселесин премьер-министр Сапар Исаков бөлүштүрөт. Чынын да Кенекеев экономика секторуна жоопту болуп калышы ыктымал», — деди ал.

Кенекеев үчүн парламенттин 91 депутаты добуш берди.

Кенекеевди 24-октябрда вице-премьер-министрлик кызматка өкмөттүн башчысы Сапар Исаков чыгарган.

Башында Кенекеев коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министрлик кызматты аркалап калаары маалымдалган. Бул кызматты жол кырсыгынан каза тапкан Темир Жумакадыров ээлеп турган.

Кийинчерээк Кенекеевди коопсуздук маселелери менен алектене турган Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна реалдуу сектор боюнча вице-премьер-министрлик кызматка карап жатышканы белгилүү болгон.

Буга чейин Кенекеев Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.

Кенекеев ар кандай учурларда француз тилинен орусчага котормочу болгон, зоотехник болуп иштеп, ар кандай учурларда Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетте ар кандай кызматтарды аркалаган.

Ал 2011-жылы Маммүлктүн министринин орун басары болгон. Кенекеев 2015-жылдан баштап алгач Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары катары иштеп, андан соң ыйгарым укуктуу өкүлү болуп калган.

Президент Алмазбек Атамбаев Кенекеевди 16-октябрда Таласта каршылык акцияларына чыккан Бабановдун тарапташтарынын тарап кетүүгө чакырганы үчүн мактоого алган.

Атамбаев 18-октябрда студенттердин алдында сүйлөп жатып Кенекеевди «Манастын урпагы» деп атаган.


ТЕМА БОЮНЧА: