Бишкек: Казакстандын өкүлчүлүгүнүн жанында митинг өттү

Казакстандын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жанына онго жакын адам чогулган. ЖМКлардын маалыматтарына ылайык, митингчилер Евразия экономикалык биримдигин (ЕАЭБ) нормаларына ылайык чек араны ачууну талап кылышкан. Митингчилер элчиликтин өкүлү менен сүйлөшкөндөн кийин таркап кетишкен.

Митинг 26-октябрь күнү эртең менен болгон. Казакстандын элчилигинин алдына онго жакын адам чогулган. Алар казак бийлигинен чек араны ачууну талап кылышкан. Митингчилер бул шарт ЕАЭБдин нормаларында жазылган деп билдиришкен.

Активист Бактыбек Нуралы уулу «Азаттык» үналгысына курган маегинде билдиргендей, көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги кыйынчылыктардын айынан эки өлкөнүн жарандары азап тартышууда.

«Бүгүнкү күндө Казакстанда тамак-аштын баасы кымбаттап кетти. Кыргызстанда болсо 250-300 жүк ташуучу автоунаалар 4-5 суткалап кезекте турганы дыйкандарды, айдоочуларды көптөгөн чыгымдарга дуушар кылууда», — деди ал.

Митингдин катышуучулары элчиликтин кызматкери аркылуу Казакстандын президентине өздөрүнүн кайрылууларын беришти.

Ошондой эле, митингчилер президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстандын бийлигине карата айткандары менен позициясын колдой тургандыктарын билдиришкен.

Бишкек ШИИбнин басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, каршылык акциясы башталгандан кийин митингчилерге казак элчилигинин кызматкери чыккан.

Ал чогулгандар менен сүйлөшкөн соң, бир нече убакыттан кийин алар таркап кетишкен. Митинг милиционерлердин көзөмөлү алдында өткөн.

Казакстандын элчилигинин өкүлдөрү комментарий берүүдөн баш тартышты.

Дипломатиялык араздашуу

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда сүйлөп жатып казак бийлигин сынга алгандан кийин оорлошуп кеткен. Ал казакстандын бийлигин «Бакиевди жакшы көрөт» жана аларды өз өлкөсүнүн «байлыктарын уурдап» жатат деп айыптаган.

Ошондон кийин Казакстандын чек арачылары 10-октябрда жарандарды чек арадан өткөрүү тартибин күчтөндүргөн — өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр чогулуп, авто тыгындар пайда боло баштаган.

Мындай кырдаал 18-октябрга чейин сакталып турган — эки мамлекеттин өкмөтү жарандар менен бош унаалардын чек арадан өтүүсүн жеңилдетүүнү келишишкен.

Сүрөт: Азаттык үналгысыныкы


ТЕМА БОЮНЧА: