Депутаттар диний мекемелердин электр жарыгына болгон тарифтерин азайтууну сунушташты

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өндүрүш объектилерине караганда мечиттер менен медреселер электр жарыгы үчүн аз акча төлөшү керек деп эсептейт.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов 26-октябрда парламенттин жыйынында диний окуу жайлар менен уюмдар үчүн электр жарыгына болгон тарифти азайтууну сунуштады.

«Дийний окуу жайлар менен уюмдар — коммерциялык уюмдар эмес. Бул Кыргызстан мусумандарынын диний башкармалыгында каттоого алынган уюмдарынын кыйнчылыгын жаратууда: алар карыз болуп калган учурлар болгон, [тарифтерди] төлөш үчүн өздөрүнүн жеке каражаттарын беришкен», — деди Икрамов.

Депуттын оюнча, мындай абал ылайыксыз, анткени диний уюмдар киреше табышпайт. Ошондуктан алар жогорулатылган тарифтер боюнча электр жарыгын төлөй албай жатышат.

Ошондой эле, Икрамов диний уюмдарды өндүрүш объектилеринин тобунан чыгарып салууну сунуштады.

Учурда Кыргызстанда 2 миңден ашуун мечит менен 102 медресе иштейт.

Жеке жактар үчүн тарифтер 77 тыйынды түзөт. Эгерде жарандар 700 киловатт-саат ченемден ашык пайдаланышса, кийинки ар бир киловатт 2 сом 16 тыйындан эсептеле баштайт.

Ал эми өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик уюмдар 1 киловатт-саат үчүн 2,24 сом төлөйт.


ТЕМА БОЮНЧА: